AVN







АШУУ ЧЕКИТТЕРИ БОЛГОН СИНГУЛЯРДЫК КОЗГОЛГОН ТЕҢДЕМЕЛЕРДИН ГЕОМЕТРИЯЛЫК ТЕОРИЯСЫ

АШУУ ЧЕКИТТЕРИ БОЛГОН СИНГУЛЯРДЫК КОЗГОЛГОН ТЕҢДЕМЕЛЕРДИН ГЕОМЕТРИЯЛЫК ТЕОРИЯСЫ
 Nov 13, 2023  188

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин «Асимптотикалык, компьютердик, топологиялык методдор жана математиканы окутуунун технологиялары» лабораториясында ф.-м.и.д., проф. К.С.Алыбаев агайдын жетекчилиги менен лабораториянын иш планына ылайык, илимий иштерди талкуулоо иши жүргүзүлүп турат.

2023-жылдын 17-октябрында 01.01.02 – дифференциалдык теңдемелер, динамикалык системалар жана оптималдык башкаруу адистиги боюнча физика-математика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн “Ашуу чекиттери болгон сингулярдык козголгон тендемелердин геометриялык теориясы” аталышындагы Матанов Шерали Маматжановичтин кандидаттык диссертациясын коргоо алдындагы доклады угулду.

Изденүүчү  илимий ишинин актуалдуулугун, изилдөөнүн максатын, ал максатка жетүү үчүн коюлган милдеттерди атап, алынган натыйжаларды айтуу менен, диссертациянын кыскача мазмунун тааныштырып кетти.

Иш-чарага лабораториянын мүчөлөрү, физика-математикалык билим берүү багытынын математика профилинин студенттери, магистранттары катышып, изденүүчүгө теманын багыты, мазмуну боюнча суроолор берилди. Ал суроолор изденүүчүнүн илимий ишинде кандай изилдөөлөр буга чейин изилденип келгендигине, бул диссертациялык иштин жаңылыгын айтууга багытталды. 

               

  • АШУУ ЧЕКИТТЕРИ БОЛГОН СИНГУЛЯРДЫК КОЗГОЛГОН ТЕҢДЕМЕЛЕРДИН ГЕОМЕТРИЯЛЫК ТЕОРИЯСЫ
  • АШУУ ЧЕКИТТЕРИ БОЛГОН СИНГУЛЯРДЫК КОЗГОЛГОН ТЕҢДЕМЕЛЕРДИН ГЕОМЕТРИЯЛЫК ТЕОРИЯСЫ
  • АШУУ ЧЕКИТТЕРИ БОЛГОН СИНГУЛЯРДЫК КОЗГОЛГОН ТЕҢДЕМЕЛЕРДИН ГЕОМЕТРИЯЛЫК ТЕОРИЯСЫ