AVN







“ЖАМУ – менин үйүм!” аттуу тазалык акциясы өткөрүлдү

“ЖАМУ –  менин үйүм!” аттуу тазалык акциясы өткөрүлдү
 Apr 12, 2018  892

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 95 жылдык юбилейине карата 12-апрель күнү Конфуций институтунун жамааты кезектеги “ЖАМУ –  менин үйүм”  аттуу тазалык акциясын өткөрдү.

Алгач, уюштуруучулар тарабынан акцияга катышуучуларга иш-чаранын максаты, иш учурундагы коопсуздук боюнча түшүндүрмөлөр, кайсы объектилерди тазалоо керектиги боюнча көрсөтмөлөр берилди.  

         “Айлана-чөйрөнү тазалоого жамааттын жалпы биргеликте катышуусу жакшы демилгелерден. Себеби, ар бир адам өз колу менен жерге ташталган таштандыны алганда гана жерге таштанды таштабоо керектигин билет. Чындыгында, тазалай берүү эмес таза туруу, сырткы чөйрө эмес жан дүйнө таза болмоюн тазалык ийгилиги боло бербейт эмеспи. Дал ушундай пикирди колдоо менен баарыбыз өз үйүбүздөй болгон окуу жайыбыздагы баскан-турган жерлерибиздин таза турушун каалап, бүгүн тазалоо иштерин жүргүздүк – деген оюн институттун кыргыз директору М.Шакирова билдирди. 

  • “ЖАМУ –  менин үйүм!” аттуу тазалык акциясы өткөрүлдү
  • “ЖАМУ –  менин үйүм!” аттуу тазалык акциясы өткөрүлдү
  • “ЖАМУ –  менин үйүм!” аттуу тазалык акциясы өткөрүлдү
  • “ЖАМУ –  менин үйүм!” аттуу тазалык акциясы өткөрүлдү