AVN







ИЛИМ-ИЗИЛДӨӨ ПРАКТИКАСЫН УЮШТУРУУ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ

ИЛИМ-ИЗИЛДӨӨ  ПРАКТИКАСЫН  УЮШТУРУУ  КОНФЕРЕНЦИЯСЫ
 Nov 9, 2023  208

2023-жылдын 6-ноябрь күнү Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинде 550700 педагогика  багыты боюнча магистрдик даража боюнча даярдалып жаткан магистранттар, тактап айтканда  Пмаг-1-22 тайпасынын магистранттарынын  илим- изилдөө практикасына 6 жумалык мөөнөткө (06.11.-16.12.23) жиберүүгө байланыштуу конференция уюштурулду. Аталган конференцияга педагогика, психология жана окутуунун технологиялары  кафедрасынын башчысы, п.и.д., профессор С.С.Сакиева, магистранттардын илимий жетекчилери п.и.к., доцент Найманбаев М.Ж., п.и.к.,доцент Ураимов К.М.,   ж.б.  илимий жетекчилер, ошондой эле магистранттар катышышты. Жыйындын жүрүшүндө кафедранын практика боюнча жетекчиси А.К.Шишкараева  практиканы өтөөдөгү кафедранын байланышы жөнүндө маалымат берип, магистранттарга бул практиканын максат, милдеттери жөнүндө айтып өттү. Кафедра башчысы С.С.Сакиева практиканы жүргүзүүнүн жол картасы менен тааныштырып, отчет жазуунун, диссертация жазууда адабияттар менен иштөөнүн, педагогикалык эксперимент жөнүндө маалымат берди. Мындан сырткары илимий жетекчилери тарабынан да илимий иштери жөнүндө сөз болуп, талкууга алынды. Конференция ийгиликтүү аяктап,  өз максатына жетти.

  • ИЛИМ-ИЗИЛДӨӨ  ПРАКТИКАСЫН  УЮШТУРУУ  КОНФЕРЕНЦИЯСЫ