AVN







ТАРЫХ ЖАНА АТА-БАБАЛАРДЫ ЭСКЕРҮҮ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

ТАРЫХ ЖАНА АТА-БАБАЛАРДЫ ЭСКЕРҮҮ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
 Nov 9, 2023  273

2023-жылдын 3-ноябрда Жалал-Абад шаарында Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленди. Иш-чарага Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун ректору К.Ж.Усенов, ЖАМУнун СТИ боюнча проректору Э.К.Турдубаев, ЖАМУнун Жаштар иштери боюнча адиси А.Усенов ошондой эле, облустагы жана шаардагы мекеме–ишканалардын жетекчилери, мугалимдер жана шаар тургундары катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Жаштар иштери боюнча адиси Адилет Усенов – “Ата-бабаларды эскерүү жаштардын көзү менен” темада баяндама жасады. Ал өз баяндамасында: “Биз ата-бабаларды эскерүүнү бир жылда бир жолу белгиленген даталарда гана эмес, күн сайын жан дүйнөбүзгө сактап, ырларын жаттап, басып өткөн өрнөктүү жолдорунан сабак алып, аны жан дүйнөбүзгө сиңирип, учурдагы улуу муун бизге өткөрүп жаткан улуу милдетти биз да кийинки муунга татыктуу өткөрүп берүүбүз шарт.  Урматтуу катышуучулар!  Жаштардын атынан чыгып жаткан соң, жаштардын көзү менен айтайын, Ата-бабаларыбызды   эскерүү    келечекке болгон туура кадам деп эсептейм. Жогоруда белгилеп өткөндөй биздин ата-бабларыбыз эр-жүрөктүлүктүн, кайраттуулуктун, адилеттүүлүктүн, чынчылдыктын, көрөгөчтүктүн, мекенчилдиктин, эр мүнөздүүлүктүн алып жүрүүчүлөрү, эталондору. Демек алардын өрнөктүү өмүрлөрү биздей жаштарга үлгү, алардын оң сапаттарын өзүбүзгө сиңирип, мекенге ар тараптуу кызмат кылууга ар дайым даяр болуубуз керек.  Ч.Айтматов айткандай:  күндө адам болуу баарынан кыйын, ошентсе да жаш муундарды ата-бабалардын өрнөктүү өмүрүн үлгү катары күндө колдонууга, күн сайын жан дүйнөбүздө эскерүүгө, алардын салттык билимдерин аздектөөгө  чакырам.”, - деп белгиледи.

Иш-чаранын жыйынтыгында көзү өткөн коомдук жана саясий ишмерлерге, илимпоздорго жана акын-жазуучуларга арналып куран окулду.

  • ТАРЫХ ЖАНА АТА-БАБАЛАРДЫ ЭСКЕРҮҮ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
  • ТАРЫХ ЖАНА АТА-БАБАЛАРДЫ ЭСКЕРҮҮ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
  • ТАРЫХ ЖАНА АТА-БАБАЛАРДЫ ЭСКЕРҮҮ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ