2023-жылдын 4-ноябрь күнү Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун филология факультетинде 550300 Филологиялык билим берүү багыты боюнча магистрдик даража боюнча даярдалып жаткан магистранттар, тактап айтканда ФББ (КТ) маг-1-22 тайпасынын магистрлери илим- изилдөө практикасына 6 жумалык мөөнөткө (06.11.-16.12.23) жиберүүгө байланыштуу конференция уюштурулду. Аталган конференцияга кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын башчысы, ф.и.д., профессор И.Абдувалиев жана кафедрадан бекитилген илимий жетекчилери, ошондой эле магистранттар катышышты. Жыйындын жүрүшүндө кафедранын практика жетекчиси Г.Кудайкулова практиканы өтөөдөгү кафедранын байланышы жөнүндө маалымат берип, магистранттарга бул практиканын максат, милдеттери жөнүндө айтып өттү. Мындан сырткары илимий жетекчилери тарабынан да илимий иштери жөнүндө сөз болуп, талкууга алынды. Жыйынтыгында конференция ийгиликтүү аяктап өз максатына жетти.