AVN







АДАМ САТУУ ЖАНА КУЛЧУЛУК

АДАМ САТУУ ЖАНА КУЛЧУЛУК
 Nov 6, 2023  263

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын алдындагы Миграция маселелери жана адамдарды сатууга каршы аракеттенүү боюнча кеңеши ОБСЕнин колдоосунда жана Мигранттардын эл аралык Федерациясы менен биргеликте «Адам сатуу жана кулчулук" темасында эсселер конкурсу уюштурулган. Конкурста төмөнкү студенттердин эсселери тандалып алынган: Эшенкулов Мыктыбек, Туманова Мээрим, Жоробаева Бермет, Абдикамилова Алия, Абдималик уулу Өмүрзак.

23-октябрдан 27-октябрга чейин Ысык-Көлдө "Мыйзамсыз миграция жана адамдарды сатууга каршы аракеттенүү боюнча" Жаштар Форумунда Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун төмөнкү студенттери Юк-1-20 тайпасынан Абдималик уулу Өмүрзак, Жалал-Абад колледжинин БКМб-2-21 тайпасынан Абдикамилова Алия, Эшенкулов Мыктыбек, Жоробаева Бермет катышышты.

Иш чаранын негизги максаты форумга катышкан жаштарга адамдарды сатууга каршы маалыматты жана өзүнүн укуктарын коргоо боюнча маалыматты так жеткирүү. Ошондой эле, Жаштар форумунун негизги бөлүгү жаштардын арасынан миграция багытында болочок эксперттерди даярдоо жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын алдындагы адамдарды сатууга каршы аракеттенүү боюнча Улуттук докладчик менен тыгыз иштешкен ыктыярчылар тобун түзүү.

  • АДАМ САТУУ ЖАНА КУЛЧУЛУК
  • АДАМ САТУУ ЖАНА КУЛЧУЛУК
  • АДАМ САТУУ ЖАНА КУЛЧУЛУК
  • АДАМ САТУУ ЖАНА КУЛЧУЛУК
  • АДАМ САТУУ ЖАНА КУЛЧУЛУК
  • АДАМ САТУУ ЖАНА КУЛЧУЛУК
  • АДАМ САТУУ ЖАНА КУЛЧУЛУК
  • АДАМ САТУУ ЖАНА КУЛЧУЛУК
  • АДАМ САТУУ ЖАНА КУЛЧУЛУК