AVN







ЭСЕПЧИЛЕРДИН ЭРТЕҢИН ОЙЛОП......

ЭСЕПЧИЛЕРДИН ЭРТЕҢИН ОЙЛОП......
 Apr 12, 2018  892

   Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Экономикалык-юридикалык факультетинин “Экономикалык билим берүү” кафедрасы тарабынан “Бухгалтердик эсеп жана аудит” тармагындагы кызматкерлердин кесиптик күнүнө арналган студенттик илимий-практикалык конференция болуп өттү.

       Конференцияга ЖАМУнун профессордук-окутуучулар курамы, студенттер жана иш берүүчүлөр Жалал-Абад областтык каржы башкармалыгынын башчысы Раматиллаев А.А, Жалал-Абад областтык мамкаттоо башкармасынын башчысы Осмонов А.Э, Жалал-Абад шаарындагы “Айыл курулуш” ишканасынын башкы эсепчиси Сыдыкова Ч, Жалал-Абад шаарындагы  салык кызматынын башкы эсепчиси Чоноева Д, Жалал-Абад Нур колледжинин директору Матанбаева З.Э,Жалал-Абад шаарындагы “Дос-Инвест” камсыздандыруу компаниясынын башкы эсепчиси Шахабидинова А.А. катышышты.

 Студенттер атайын адистикке ээ болгон соң, алардын иш менен камсыз болуусуна да көмөк көрсөтүү биздин бирден бир максабыз. Андыктан алардын эртеңин, келечегин ойлоп, жумуш менен камсыз болуусуна шарт түзүү максатында бүгүнкү иш чара уюштурулду.  Ал эми “Бухгатердик эсеп жана аудит” тармагында күндүзгү бөлүмдө жалпы 76 студент билим алса, анын 19 быйылкы бүтүрүүчүлөр – дейт бөлүмдүн башчысы Сыдыков С.Ш.

  • ЭСЕПЧИЛЕРДИН ЭРТЕҢИН ОЙЛОП......