2023-жылдын 3-ноябрында Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинде педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы жана студенттери үчүн тарых каферасыынын башчысы, т.и.к., доцент Г.А.Анарбаева тарабынан 7-8-ноябрь Тарых жана Ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата "Бабалар баскан жол-жаштарга үлгү" аталыштагы темада тегерек стол уюштурулду. Г.А.Анарбаева иш-чаранын жүрүшүндө 1916-жылдагы Улуттук боштондук кыймыл "Үркүн", Репрессияга арналган документалдуу фильмдерди көрсөтүү менен студенттерге кызыктуу маалыматтарды баяндады. Кыргыз мамлекетин түптөгөн улуу инсандар, алардын жасаган эмгектери дайыма кыргыз элинин жүрөгүндө сакталары белгиленди. Иш-чаранын жүрүшүндө Э.Уметов атындагы педагогикалык факультеттин деканы ф.и.д., профессор Г.С.Токоева, педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасынын башчысы, п.и.д., профессор С.С.Сакиева бул күндүн даталуу экендигинин тарбиялык мааниси чон экендигине токтолушту. Кыргыз элинин улуу инсандары, интеллигенциясы, Кыргыз мамлекетинин түптөгөн кыргыздын уул-кыздары, алардын кыргыз элине жасаган эмгектери жөнүндө маалыматтар боюнча кызыктуу талкуулар болду. Ал эми учурдагы муундар ошол улуу адамдардын бай тажрыйбасын улантуучу экендиги баса белгиленди. Студенттер тарабынан суроо-жооптор берилди, каалоолор айтылды.