AVN

ЭТНО-SAYMA: КОЛ ӨНӨРЧҮЛҮКТҮ ӨНҮКТҮРҮҮ БОРБОРУ

ЭТНО-SAYMA: КОЛ ӨНӨРЧҮЛҮКТҮ ӨНҮКТҮРҮҮ БОРБОРУ
 Nov 6, 2023  359

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Жалал-Абад колледжинин КМТШИк-3-22 тайпасынын студенти Акматилла кызы Асель өзүнүн тынымсыз аракетинин жана алдына койгон максаттарынын бирин ишке ашырды деп айтсак болот. Анткени ушул жылы Жалал-Абад шаарында Этно-Sayma: кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү борборун ачты. Борбордун максаты кыргыз элинин нукура саймасын жаңы, заманбап стилге айкалыштырып элге тартуулоо жана тигилген кийимдерди замандын талабына жарашыктуу, ыңгайлуу жана чак келтирүү, баасын да элге жагымдуу шартка багыттоо. Креативдүү индустрияларды өнүктүрүү аркылуу элибизге кызмат кылуу жана инновациялык технологияларды өздөштүрүү аркылуу сабактан кийинки мезгилде студенттерди, миграцияда жүргөн, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды, үйдө отурган кыз-келиндерди окутуп, кошумча жумуш менен камсыз кылуу аркылуу өлкөбүздүн экономикалык өнүгүүсүнө салым кошуу, шаарыбызда жумушчу орундарды түзүүгө көмөктөшүү, экономикалык ишмердүүлүк чөйрөсүн кеңейтүү. Эң негизгиси дүйнө жүзүнө кылымдарды каарыткан кол өнөрчүлүгүбүздү, үрп-адаттарыбызды, бай тарыхыбызды жайылтуу деген оюн билдирди студентибиз Аселя. Ошондой эле окутуучусу, насаатчысы Мамажунусова Нуркан Сатыбалдиевнанын кол астында Көркөм сүрөт жана технологияны окутуу усулу, Тигүү өндүрүшүндөгү материал таануу сабактарынан талбай изденип, көптөгөн алган билимдеринин жыйынтыгы деп айтсак жаңылышпайбыз. Азыркы учурда Акматилла кызы Асель ЖАМУнун Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борборунан да кошумча билим алып, дагы да бул багытта аракеттенүү менен бирге Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 2023-жылдын 3-мартындагы Министрлер Кабинетинин №128 токтомунун негизинде мамлекеттик бюджеттен каржылануучу студенттик стартаптарга өтүнмөлөрдү кабыл алуу башталгандыгын жарыялаган, ага ылайык, "Студенттик стартап" конкурсуна катышууга өзүнүн стартап долбоорун даярдап жөнөтүү алдында турат – деп билдирди ЖАМУнун Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борборунун директору Б.Н.Алымкулов.    

  • ЭТНО-SAYMA: КОЛ ӨНӨРЧҮЛҮКТҮ ӨНҮКТҮРҮҮ БОРБОРУ