2023-жылдын 1-ноябрь күнү Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Э.Уметов атындагы педагогика факультетинде окуу бөлүмү тарабынан “Жогорку жана орто кесиптик уюмдарында окутуунун кредиттик технологиясы боюнча окуу процессин уюштуруу жана баалоо шкалаларына киргизилген өзгөртүүлөр” деген аталыштагы семинар өткөрүлдү. Семинар окуу бөлүмү тарабынан уюштурулуп, бөлүмдун башчысы, б.и.д., профессор З.И.Сакбаева, кызматкерлери Г.Ирисова, Т. Эргешова катышты. Э.Уметов атындагы педагогика факультетинин деканы ф.и.д., профессор Г.С.Токоева, профессордук-окутуучулар жамааты, студенттер катышып, окутуунун кредиттик технологиялары, учурдагы текшерүү, баалоо системасындагы жаңы критерийлердин киргизилиши тууралуу маалымат алышты. Семинардын жүрүшүндө окутуучулар жана студенттер суроо-жооптор аркылуу окуу процессининин уюштурулушу, жүрүшү, баалоо жана балл топтоо системасы жөнүндө кеңири маалымат алышты.