AVN







ЖАМУНУН МАТЕМАТИКА ЖАНА МАТЕМАТИКАЛЫК МОДЕЛДЕШТИРҮҮ КАФЕДРАСЫНДА АТКАРЫЛГАН ДИССЕРТАЦИЯЛЫК ИШ ИЙГИЛИКТҮҮ КОРГОЛДУ

 Nov 3, 2023  207

31-октябрда Ош шаарында Ош мамлекеттик университетинин жана Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин алдындагы физика-математика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн уюштурулган Д 05.22.651 диссертациялык кеңешинин         № 13-жыйыны болуп өттү.

Диссертациялык кеңештин жыйынында Ш.М. Матановтун “Ашуу чекиттери болгон сингулярдык козголгон теңдемелердин геометриялык теориясы” аттуу ЖАМУнун математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасында аткарылган диссертациялык иши ийгиликтүү корголду (Илимий жетекчиси физика-математика илимдеринин доктору, профессор К.С. Алыбаев).

Жыйында “Фундаменталдык, колдонмо изилдөөлөр жана инновациялык технологиялар” илим-изилдөө институтунун директору, “Математика жана математикалык моделдештирүү” кафедрасынын профессору К.С. Алыбаев, “Математика жана математикалык моделдештирүү” кафедрасынын башчысы А.М. Джураев, кафедранын окутуучулары М.Н. Нурматова,                                   Н.К. Мусакуловалар катышышты.