AVN

Жалал-Абад колледжиндеги ЭЭСТ-1-17 тайпасынын студенттерин окуу-таанышуу практикасына жөнөтүү алдындагы конференция

Жалал-Абад колледжиндеги ЭЭСТ-1-17 тайпасынын студенттерин окуу-таанышуу практикасына жөнөтүү алдындагы конференция
 Apr 11, 2018  943

ЭЭСТ-1-17 тайпасынын студенттерин окуу-таанышуу практикасына жөнөтүү алдындагы конференция болуп өттү. Конференцияга колледждин практика бөлүмүнүн жетекчилери жана бөлүм башчылары, практика жетекчилери К.А.Кокумбаева жана Бекешов Марип катышышты.

 Практика жетекчиси К.А.Кокумбаева практиканын максаты жана ошондой эле ишканалар жөнүндө кенири баяндама окуду. Баяндамадыга  эң кызыктуу жана мактанарлык нерсе, Жалал-Абад жогорку чыңалуудагы электр тармактары, Жалалабатэлектро акционердик коому ишканаларында иштеп жаткан 30 жаштан 45 жашка чейинки адистердин ичинен 70% ЖАМУнун, Жалал-Абад колледждин, бүтүрүүчүлөрү түзөөрүн белгиледи.  Бул мактанаарлык көрүнүш – дейт Кокумбаева К.

Жалал-Абад колледжинде “Электр чордондору, системалр жана түйүндөр” багытында техник адистерди  даярдоо чеберчилиги дайыма талапка ылайык, анткени жогорку чыңаалуудагы электр тармактары ишканасынын (ЖПВЭС), Жалалабатэлектро АКнун шаардын аймагында жайгашып, жакын болгондуктан, энергетика багытында окуган студенттер энергетика тармагындагы өндүрүшкө колдонууга киргизилип жаткан жаңы  электр орнотмолор менен убагында таанышуу мүмкүнчүлүгү бар жана окуу-таанышуу, өндүрүштүк, квалификациялык иш алдындагы практикаларын дагы келишимдин негизинде ушул ишканаларда толук программада өтүшөт. Практиканы мындай шартта өтүү, алган теориялык билимди бекемдөө, аны турмушта колдоно билүү үчүн өтө таасирдүү болгондуктан, билимдин сапаты да жогору болоорун турмуш көрсөтүүдө.

  • Жалал-Абад колледжиндеги ЭЭСТ-1-17 тайпасынын студенттерин окуу-таанышуу практикасына жөнөтүү алдындагы конференция