2023-жылдын 1-ноябрь күнү Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун экономикалык-юридикалык факультетинде профессор Ш.М. Ниязалиев атындагы философия жана гуманитардык илимдер кафедрасы тарабынан уюштурулган 8-ноябрь «Ата бабаларды эскерүү» күнүнө карата «Тарыхый эс тутум ата-бабалардын жашоо жолунун субъективдүү картинасынын контекстинде» аталышындагы илимий-практикалык жана тарбиялык максаттагы тегерек стол болуп өттү. Тегерек стол эскерүүлөр, негизги баяндамалар, жыйынтыктоо болуп үч бөлүктө өттү. Ага кафедранын профессордук-окутуучулук курамы жана СКк-1-22 тайпасынын студенттери белгилүү инсандар боюнча даярдаган макалалары, маалыматтар менен бөлүшүштү. Ошондой эле Кыргыз элинин таанымал инсандарына, ата бабаларга байланыштуу суроолор катышып жаткан студенттерге берилип туура жооп берген катышуучу студенттерге сыйлыктыр берилди.