AVN







АДАПТАЦИЯЛЫК ПРАКТИКА ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

АДАПТАЦИЯЛЫК ПРАКТИКА ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
 Nov 2, 2023  323

Педагогика жана башталгыч билим берүүнүн методикасы профили боюнча даярдалып жаткан сырттан окуу бөлүмүнун студенттери, т.а. Пс-1-19, Пс-2-19, МЧББ-1-20  тайпасынын студенттери 3 жумалык адаптациялык практикага өздөрү иштеген мектептеринде жана бала бакчаларда өтөштү. Практиканы жыйынткоочу конференциясы улук окутуучу А.К.Шишкараева тарабынан уюштурулду. Адаптациялык практиканы уюштуруудагы жетишкендиктер, алардын жүрүшү, студенттин иш-аракети, практиканын жетишкендиктери, кемчилдиктери жөнүндө кафедра башчысы С.С.Сакиева маалымат жасады.

Практикадагы аткарылган жумуштар боюнча студенттердин отчеттору, маалыматтары угулду. Бул боюнча Аксы районундагы Жеткинчек мектепке чейинки билим берүү мекемесинин тарбиячысы Абдижапар кызы Асылгүл,  Базар-Коргон районуна караштуу Достук мектепке чейинки билим берүү мекемесинин директору Джумабаева Дилдора, Жалал-Абад шаарындагы №17 жалпы билим берүүчү орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Шайымкул кызы Айшоола, Токтогул районуна караштуу №21 Ы.Алымбеков атындагы орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалими Мирбек кызы Наргиза ж.б. студенттер практика учурундагы аткарган иштери, жетишкендиктери жөнүндө маалымат беришти. Айрым сабактын үлгүлөрүн, мастер-класстарды көрсөтүштү  Студенттердин басымдуу көпчүлүгү интерактивдүү доска менен иштөөдөн, сабакты  пландаштыруудан, сабакка максат коюудан, календардык план түзүүдөн, көрсөтмө курал жасоодон кыйналгандыгы жөнүндө айтып өтүштү. Айрым студенттер практикага кафедранын окутуучулары тарабынан түзүлгөн Жол карта менен иштөө бир топ ынгайлуу, отчет жазууда бир топ системага салууга жардам бергендигин баса белгилешти. Методисттер тарабынан практиканын жүрүшү боюнча  маалыматтар берилди. Практиканын документтери жөнүндө методисттер кенен токтолушту. Практиканын отчету, анын толтурулушу жөнүндө методисттер С.С.Сакиева, М.Ж.Найманбаев, К.М.Ураимов, Н.Ш.Мокуева, С.Ч.Осмоналиева, А.Э.Торобекова, Д.А.Адановалар маалымат беришти.  Конференциянын аягында  студенттер мындай жолугушууну уюштуруу абдан пайдалуу экендигин белгилешти.

  • АДАПТАЦИЯЛЫК ПРАКТИКА ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
  • АДАПТАЦИЯЛЫК ПРАКТИКА ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
  • АДАПТАЦИЯЛЫК ПРАКТИКА ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
  • АДАПТАЦИЯЛЫК ПРАКТИКА ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
  • АДАПТАЦИЯЛЫК ПРАКТИКА ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ