Э.Уметов атындагы педагогикалык факультеттин физика математика кафедрасынын окутуучусу, техника илимдеринин доктору, профессор, Сабыржан Кыдыралиевдин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу жакындарына ЖАМУнун эмгек жамааты терең кайгыруу менен көңүл айтат.
С.Кыдыралиев 1952-жылы Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Акман айылында колхозчунун үй бүлөсүндө туулган.
1969-жылы Ташкент политехникалык институтуна тапшырып, аны 1974-жылы артыкчылык диплому менен аяктап «Ширетүүчү технология жана машиналар» адистиги боюнча жогорку билимге ээ болгон.
1974-1975-жылдары Бишкек политехникалык институтунун металл технологиясы жана материал таануу кафедрасында улук лаборант, улук инженер болуп иштеген (азыркы Кыргыз техникалык университети-КТУ).
1975-1976-жылдары Н.Э.Бауман атындагы ММТУда стажер-окутуучусу болуп эмгектенип, 1977-жылы жогоруда аталган университеттин аспирантурасына тапшырып, аны 1979-жылы ийгиликтүү аяктаган.
Аспирантурадан кийин КТУга кайтып келип, металл технологиясы кафедрасында ассистент, улук окутуучу, доцент жана профессор болуп иштеген.
1989-жылы ойлоп табууларын өндүрүшкө ийгиликтүү киргизгендиги үчүн С.Кыдыралиевге илим жана техника жаатында Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты деген наам берилген.
1993-жылы февраль айында Н.Э.Бауман атындпгы ММТУда “Металлдарды плазма менен кесүүнүн жана ширетүүнүн эффективдүүлүгүн жогорулатуунун негиздери» деген темада докторлук диссертациясын ийгиликтүү коргогон.
1993-жылы Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясынын мүчө-корреспонденти жана 2004-жылы анык мүчөсү (академик) болуп шайланган.
1993-жылдын июнь айынан 1995-жылдары Жалал-Абад мамлекеттик университетинде илимий иштер боюнча проректору, 1995-жылдын июнь айынан 2005-жылдын 15-мартына чейин КР УИАнын Түштүк филиалынын Энергетика жана электроника институтунун директору болуп эмгектенген.
2005-2009-жылдары ЖАМУнун физика кафедрасынын профессору, 2009-жылдын 1-сентябрында конкурс аркылуу шайланып, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин физика кафедрасынын башчысы болуп дайындалган.
1995-жылы КРнын ЖАК тарабынан профессор наамын алган. Ал илимдин 5 кандидатын жана 1 докторун даярдаган. Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын алдындагы диссертациялык кеңештин мүчөсү болгон жана жүздөн ашык илимий эмгектери, анын ичинде 16 ойлоп табуу жана 6 монографиянын автору болгон.
2006-жылы АКШнын Биографиялык институту тарабынан жылдын адамы болуп тандалган.
Жалал-Абад шаарынын ардактуу атуулу.
«Тоо дарыяларынан алтын рудасынын концентраттары үчүн сепараторду изилдөө, иштеп чыгуу жана өндүрүү» темасында Кыргыз Республикасынын илим департаментинин грантын утуп алган.
Ал англис жана немис тилдеринде сүйлөп, Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун медициналык факультетинде чет өлкөлүк студенттерге англис тилинде, магистранттарга лекцияларды окуп, билим берип жаткан.
Сабыржан Кыдыралиевчтин өлкөннүн илим жаатында, аадистерди даярдоодо, ЖАМУнун өсүп-өнүгүүсү үчүн кошкон салымы эбегейсиз. Шум ажал агайды арабыздан алып кетти, агайдын артында чоң илимий эмгектери калды, ал эмгегин, агайдын элесин эч качан унутпайбыз.
Жаткан жериниз жайлуу болсун Сабыржан Кыдыралиевич!!!