AVN







АВН СИСТЕМАСЫНА ӨЗГӨРҮҮЛӨР КИРГИЗИЛДИ

АВН СИСТЕМАСЫНА ӨЗГӨРҮҮЛӨР КИРГИЗИЛДИ
 Nov 1, 2023  206

2023-24 окуу жылында Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун АВН системасында студенттердин билимин баалоодо бир нече өзгөрүүлөр кирди. Мурдагы окуу жылдарында студенттердин модулдук-рейтинг системасында студенттин сабакка катышуусу электрондук журналдын негизинде автоматтык түрдө катышуусуна балл топтолуп, студенттерге тесттик тапшырмаларын тапшырууга АВНдеги программа аркылуу автоматтык түрдө уруксат берилип келген. Быйылкы окуу жылында окуу процессине АВН системасы аркылуу кошумча өзгөрүү киргизилди. Учурда студенттердин практикалык жана лабораториялык сабактардагы алган баасынын жыйынтыгы жана сабакка катышуусу менен тиешелүү балл топтогон студенттерге модулга катышууга автоматтык түрдө уруксат берилет. Бул эл аралык аккредитациянын талабына туура келет жана студенттердин сабакка катышуусунун активдүүлүгүн жогорулатат – дейт санариптештирүү жана билим берүүнүн инновациалык бөлүмүнүн башчысы А.М. Термечикова.

АВНдеги өзгөрүүлөр боюнча ЖАМУнун бардык факультеттердин, колледждердин жетекчилерине жана мугалимдерине санариптештирүү жана билим берүүнүн инновациалык бөлүмү тарабынан семинар уюштурулуп, атайын графиктин негизинде өткөрүлдү. Университеттин окутуучулары тарабынан көптөгөн суроолор берилип, талкууланды. Студенттердин сабакка катышуусу эле эмес, окууда жооп берип, тапшырмаларды аткаруудагы активдүүлүктөрү жогорулагандыгын белгилешти. Ошондой эле, практикалык жана лабораториялык сабактарды өтүүдө окутуучулардын жоопкерчиликтери жогорулагандыгын айтып өтүштү.        

  • АВН СИСТЕМАСЫНА ӨЗГӨРҮҮЛӨР КИРГИЗИЛДИ
  • АВН СИСТЕМАСЫНА ӨЗГӨРҮҮЛӨР КИРГИЗИЛДИ
  • АВН СИСТЕМАСЫНА ӨЗГӨРҮҮЛӨР КИРГИЗИЛДИ