AVN







ӨНДҮРҮШТҮК ПРАКТИКАНЫН ЭФФЕКТИВДҮҮЛҮГҮН ЖОГОРУЛАТУУ

ӨНДҮРҮШТҮК ПРАКТИКАНЫН ЭФФЕКТИВДҮҮЛҮГҮН  ЖОГОРУЛАТУУ
 Nov 1, 2023  165

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин табигый-техникалык факультетинин окуу ыргаагына ылайык электроэнергетика жана электротехника багытынын электроэнергетикалык системалары жана түйүндөрү профилинин    ЭЭСС-1-22 тайпасына үч жумалык окуу таанышуу практикасы уюштурулган. Практиканын базасында  өткөрүлүүчү иш-чаралардын планына ылайык Практиканын эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында Жалал-Абад электр тармактары ишканасынын  Электр жабдыктарын сыноо аша чыңалуудан коргоо жана обочолонтуу кызматынын негизги аткарган иш араткеттери менен кенен таанышышты. Тактап айта кетсек студенттер электр жабдыктарын обочолонтууга керектелген трансформатор майларынын, каттуу диэлектриктердин  электрдик бышыктыгын, ар кандай заттардын аралашмаларынан, нымдуулуктан тазалоо үчүн жүргүзүлүүчү аппарат жабдыктарды жеринен көрүп үйрөнө алышты. Өндүрүштөн практика  жетекчиси Мундузов Санжарга, студенттердин практикасын ар тараптан кызыктуу жана пайдалуу өтүшүнө көмөктөшкөндүгү үчүн кафедранын атынан  ыраазылычылык билдиребиз!

Жыйынтыктоо: Жалал-Абад электр тармактары ишканасынын  Электр жабдыктарын сыноо аша чыңалуудан коргоо жана обочолонтуу кызматында болуп өткөн окуу студенттердин, Электроэнергетикалык материалдар дисциплинасынан алган теориялык билимдерин практика учурунда бекемдөөгө түздөн-түз салымын кошту.

  • ӨНДҮРҮШТҮК ПРАКТИКАНЫН ЭФФЕКТИВДҮҮЛҮГҮН  ЖОГОРУЛАТУУ