AVN







ЧЕТ ТИЛИ АДИСТИГИНИН СТУДЕНТТЕРИ ПЕДАГОГИКАЛЫК ПРАКТИКА МЕЗГИЛИНДЕ

ЧЕТ ТИЛИ АДИСТИГИНИН СТУДЕНТТЕРИ ПЕДАГОГИКАЛЫК ПРАКТИКА МЕЗГИЛИНДЕ
 Oct 31, 2023  188

Алдыңкы тажрыйба борборунун  чет тили адистигинин  АТк-01-22(11), АТк-02-22(11), АТк-03-22(11), АТк-2-21(9), АТк-3-21(9) тайпаларынын студенттери  педагогикалык практикага чыгышкан.  Алар Жалал-Абад шаардык, Сузак райондук жана Базар-Коргон шаардык мектептеринде өтөп жатышат. Практика жетекчилери Абдуллаева Перизат, Алымжан кызы Нурита, Абдыканова Гулжан, Баймырзаева Батма, Бакирова Аида,  Женалиева Замира, Малабекова Сонунгул,  Момунова Чынара, Кубатбек кызы Элзада, Мурзалиева Мунара, Сыдыкова Жумагул, Шабаева Элнура, Эргешова Нурайым өздөрүнө бөлүнгөн студенттерге усулдук жардам берүү максатында студенттер менен байма- бай кызматташып жатышат. Мындан сырткары мектеп жетекчилиги жана  мугалимдер менен  тыгыз байланышта болушуп, практиканттардын окуучуларга жасаган мамилелери, сабак өтүүдөгү өзгөчөлүктөрү, кыйынчылыктары жөнүндө баарлашып, жардам көрсөтүп келип жатышат. Айрыкча, Жалал-Абад шаарындагы № 5 Б.Осмонов атындагы гимназия мектеби, № 14 С.Давлетов атындагы инновациялык  лицейи, №13 Р.Азимов атындагы гимназия мектеби, №2 К.Закиров атындагы орто мектеби, №7  О.Усман орто мектеби, №17 орто мектебине практика жетекчилер тынымсыз барып кабар алышып, студенттердин көйгөйлөрүн угуп, ошондой эле практикант -студенттердин  окуучулар менен иш алып баруудагы ийгиликтери менен бөлүшүп, усулдук жардам көрсөтүшүүдө.

  • ЧЕТ ТИЛИ АДИСТИГИНИН СТУДЕНТТЕРИ ПЕДАГОГИКАЛЫК ПРАКТИКА МЕЗГИЛИНДЕ
  • ЧЕТ ТИЛИ АДИСТИГИНИН СТУДЕНТТЕРИ ПЕДАГОГИКАЛЫК ПРАКТИКА МЕЗГИЛИНДЕ