AVN







АТА-ЭНЕЛЕР МЕНЕН МУГАЛИМДИН БАЙЛАНЫШЫН ЧЫҢДОО УЧУР ТАЛАБЫ

АТА-ЭНЕЛЕР МЕНЕН МУГАЛИМДИН БАЙЛАНЫШЫН ЧЫҢДОО УЧУР ТАЛАБЫ
 Apr 11, 2018  882

ЖАМУнун  Жалал-Абад колледжинин  “Автомобилдерди техникалык жактан  тейлөө жана ондоо”  бөлүмүнүн студенттери ,  алардын ата-энелери жана окутуучулар ортосунда чогулуш болуп өттү.

    Жыйында  ата-энелерге уул-кыздарынын окууда жетишкендиктери жана АВН программасы туурасында маалыматтар берилди.

   Ата-энелердин атынан сөзгө чыккан Таштемиров М. окуу бөлүмдүн бүткүл мугалимдерине ыраазычылык билдирип,дагы да жакшы жетишендиктерди каалап кетти. Окутуучу мугалим менен ата-энелер байланышын күчөтүү  керектигин, мүмкүн  болсо ар бир ай сайын ушундай жолугушуу жыйындары болуп туруусун сунуштады.

   Ал эми жыйынга жалпы 28 студент, 22 ата-эне жана 9 окутуучу катышты – деп билдирди Шарипа Тилекмамат кызы.