AVN







МАТЕМАТИКАЛЫК ПОЭЗИЯ КЕЧЕСИ ӨТКӨРҮЛДҮ

МАТЕМАТИКАЛЫК  ПОЭЗИЯ  КЕЧЕСИ ӨТКӨРҮЛДҮ
 Oct 30, 2023  491

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун математика жана  математикалык  моделдештирүү  кафедрасынын 2023-2024-окуу жылы үчүн түзүлгөн иш планына ылайык кафедрадагы профессордук-окутуучулук курам, студенттер жана   «Математикалык   поэзия» ырлар  жыйнагынын  автору Зайнап  Шеркулованын  катышуусунда жогорку деңгээлдеги   кече өткөрүлдү.

         Кеченин жүрүшүндө  “Математикалык  поэзия”  ырлар  жыйнагынын жаш муундарга   математиканы  окутуудагы орду боюнча  ой-пикирлер  айтылды. Математиканын  татаал тилин  жөнөкөй  поэзиянын ыр түрүндөгү ыргагына  салып, дидактиканын принциптерин  колдонуу  менен окуучуларга  жеткирүү окутуунун эң эффективдүү  ыкмаларынын жана  жаш  муундарды  математикага  кызыктыруунун ыңгайлуу   жолу  экендиги п.и.к., доцент Ураимхалилова Аширкан тарабынан белгиленди.

         Ырлар  жыйнагынын  автору З.Шеркулова  тарабынан кеченин  катышуучуларына жыйнактын жазылышынын  максаты, бөлүмдөрү жана артыкчылыктары   боюнча  маалыматтар берилди.  

Ырлар  жыйнагындагы  материалдар математика адистигинде окуп жаткан студенттерге   жалпы билим  берүүчү   орто  мектептердин мугалимдерине жана  жалпы окурмандарга арналып, математика  боюнча  кошумча   методикалык  сунуштар, ырлар, табышмактар, эсселер, уламыштар, лирикалык чыгармалар узак убакытты  камтыган  иш тажрыйбанын  негизинде жазылганы автор тарабынан  белгиленди.

Кеченин  соңунда студенттер   тарабынан  математиканы   окутууда жана математика  боюнча  класстан  сырткаркы иштерди   уюштурууда   “Математикалык  поэзия” ырлар  жыйнагы сыяктуу  китептер зарыл  экендиги белгиленди  жана  ырлар  жыйнагын  башка  тилдерге   которуу  боюнча сунуштар  айтылды.

З.Шеркулова жана  катышуучулар    тарабынан кеченин уюштурулушу  боюнча   кафедрага  ыраазычылык билдирилди.

Математика жана  математикалык  моделдештирүү   кафедрасында окутуучулардын  жана  студенттердин  чыгармачылык  менен изденип,  иштөөсүн  өнүктүрүүгө  багытталган иш чаралар  мындан  ары  да тынымсыз уюштурулуп, улантыла  бермекчи.

  • МАТЕМАТИКАЛЫК  ПОЭЗИЯ  КЕЧЕСИ ӨТКӨРҮЛДҮ
  • МАТЕМАТИКАЛЫК  ПОЭЗИЯ  КЕЧЕСИ ӨТКӨРҮЛДҮ
  • МАТЕМАТИКАЛЫК  ПОЭЗИЯ  КЕЧЕСИ ӨТКӨРҮЛДҮ
  • МАТЕМАТИКАЛЫК  ПОЭЗИЯ  КЕЧЕСИ ӨТКӨРҮЛДҮ
  • МАТЕМАТИКАЛЫК  ПОЭЗИЯ  КЕЧЕСИ ӨТКӨРҮЛДҮ