AVN







“FAZENDA” ЭКО ФЕРМАСЫНА САЯКАТ

“FAZENDA” ЭКО ФЕРМАСЫНА САЯКАТ
 Oct 30, 2023  355

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенттери Жалал-Абад шаарынын, Ч.Айтматов көчөсүнүн №12/8 үйүндөгү Fazenda эко фермасында кезектеги таанышуу иш чарасында болушту. Иш чаранын максаты стартап/командалар ишкер, багбан жана эл аралык деңгээлдеги ГИД, эко ферманын негиздөөчүсү Абдукадыр Абдушукуров менен жеринде жолугушуу жана үй шартында түрдүү мөмөлөрдү, гүлдөрдү өстүрүү аркылуу киреше табуу, бир эле мезгилде өлкө ичиндеги жана жакынкы, алыскы чет өлкөлөрдөн келген туристтерге кызмат көрсөтүү сырларын өздөштүрүү. А.Абдушукуров өз сөзүндө төмөндөгүлөргө токтолду: эко ферманын түзүлгөндүгүнө аз убакыт болгонуна карабай 50дөн ашык чет өлкөлөрдөн туристтер келип, бакта өскөн жүзүмдүн ондон ашык түрлөрүнөн, шабдалы, кара гилас, кокон гилас жана помидор, бадыраңдарды өздөрү колу менен үзүп, даамын татып ыраазы болуп кетишкендиктерин белгиледи. Андан сырткары келген туристтер үчүн жатакана, тамак аш жана өлкөбүздүн кооз жерлерине экскурсия кызматтары да көрсөтүлөөрү айтылды. Мамлекетибизде, анын ичинен облусубуздагы туризмди өнүктүрүүгө жана өлкөбүздүн экономикасынын өнүгүшүнө салым кошуу ар бирибиздин жарандык милдетибиз деп өз сөзүндө билдирип өттү. Келген туристтерди дагы бир өзүнө тарткан нерсе кылжуугуч (luffa) өсүмдүгү. Бул өсүмдүктүн башкалардан өзгөчөлүгү – мөмөлөрүн кайра иштетип, кургаткандан кийин, ашканага керектүү жуугуч же мончого барганда жышынгыч (мочалка) катары пайдаланса болот. Ал экологиялык таза, зыянсыз, денеге жагымдуу, пайдалуу болуп эсептелет ошондой эле кирешелүү болуп, туруктуу кардарларыбыз да бар – деп билдирди үй ээси. А.Абдушукуров андан сырткары көчөттөрдү даярдап, дыйкандарга жеткирет жана ар кандай дарактарды бутап, тазалоо, иреттөө иштери боюнча да буюртмаларды алаарына күбө болдук. Студенттер кызыктырган суроолорун беришти жана өздөрү үчүн канааттандыраарлык жоопторго ээ болушту. Белгилеп кетчү жагдай, кызыккан студенттерди кызматташып иштөөгө чакырды жана бизнес тармагында өнөктөш катары иш алып барылаары айтылды. Дээрлик эки саатка созулган иш чарадан студенттер көптөгөн керектүү маалыматтарга ээ болушканын жана алган кеп кеңештерин келечекте өздөрүнүн ишкердик чөйрөсүндө колдонушаарын баса белгилешти. Соңунда А.Абдушукуровго Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун  ыраазычылык каты жана китеби тапшырылды – деп билдирди Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борборунун жетекчиси Б.Н.Алымкулов.

  • “FAZENDA” ЭКО ФЕРМАСЫНА САЯКАТ
  • “FAZENDA” ЭКО ФЕРМАСЫНА САЯКАТ
  • “FAZENDA” ЭКО ФЕРМАСЫНА САЯКАТ
  • “FAZENDA” ЭКО ФЕРМАСЫНА САЯКАТ
  • “FAZENDA” ЭКО ФЕРМАСЫНА САЯКАТ
  • “FAZENDA” ЭКО ФЕРМАСЫНА САЯКАТ
  • “FAZENDA” ЭКО ФЕРМАСЫНА САЯКАТ