AVN







РАК ООРУСУНА КАРШЫ ИЛИМИЙ ИЗИЛДӨӨЛӨР БОЛУУДА

РАК ООРУСУНА КАРШЫ ИЛИМИЙ ИЗИЛДӨӨЛӨР БОЛУУДА
 Apr 11, 2018  936

ЖАМУнун Медицина  факультетинин медициналык-биологиялык дисциплиналар кафедрасынын башчысы х.и.к., доцент Эрназарова Бактыгул 28-апрелден 4-апрелине чейин Москва шаарында А.Ю. Баришник атындагы XV Бүткүл Россиялык «Жаны антисептикалык дарылар жана медициналык технологиялар: жетишкендиктер, проблемалар жана келечек» аттуу илимий практикалык конференцияга катышып келди.

 Конференцияда синтетикалык жана табигый жол менен алынган шишик жана рак оорусуна каршы медициналык дарылардын касиеттери, дарылоо жолдору, онкологиядагы клеткалык технологиялар, фотодинамикалык терапия, шишик оорусуна каршы лазердик колдонуу ж.б. шишик жана рак оорсуна каршы илимий изилдөөлөр талкууланды.

Андан тышкары В.Н. Орехович атындагы Биомедициналык химия илимий изилдөө институтунда стажировкада болуп, медициналык дары заттардын активдүүлүгүн, метаболизмин, уулулугун алдын ала компьютердик прогноздоо боюнча  «Way2Drug» программасын колдонуу боюнча программанын  автору б.и.д, профессор В.В.Поройков менен келишим түзүлдү. 

Россиянын саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Н.Н.Блохина атындагы улуттук медициналык онкологиялык изилдөө борборунда болуп илимий иштер тармагынды келишимдерди түзүү боюнча алдын ала сүйлөшүүлөр  жүргүзүлдү.

Андан сырткары 3-апрелде Эрназарова Б.К. В.Н. Орехович атындагы Биомедициналык химия илимий изилдөө институтунда Америкалык кошмо штатындагы Чаппел-Хилладагы Эшельман атындагы Түнддүк Каролина Университетинин профессору Алекс Тропша тарабынан уюштурулган «The Splendorsand Miseries of Chemica lAlerts» аттуу семинарга катышты.

  • РАК ООРУСУНА КАРШЫ ИЛИМИЙ ИЗИЛДӨӨЛӨР БОЛУУДА
  • РАК ООРУСУНА КАРШЫ ИЛИМИЙ ИЗИЛДӨӨЛӨР БОЛУУДА
  • РАК ООРУСУНА КАРШЫ ИЛИМИЙ ИЗИЛДӨӨЛӨР БОЛУУДА