AVN







АЛИППЕНИН АВТОРУ ЖАМУДА КОНОКТО

АЛИППЕНИН АВТОРУ ЖАМУДА КОНОКТО
 Oct 27, 2023  242

 2023 жылы ЖАМУнун алдында уюшулган Р.Абдыкадыров  атындагы Эл аралык клубунда белгилүү окумуштуу-педагог, педагогика  илимдеринин  доктору, профессор, белгилүү балдар жазуучусу, Алипе китебинин автору Рысбаев Сулайман Казыбаевич конокто болду.

    Р.Абдыкадыров  атындагы Эл  аралык клубунен  президенти Борошев Султан Жумабекович тосуп алып, агай  менен баарлашып, жылуу сөздөрүн  айтуу менен клубдун  ишмердүүлүгү  менен тааныштырды. Сулайман Казыбекович клубдун  мүчөлөрүнө каалоо тилектерди  айтуу менен калоо тилектерин китеп бетине жазууга да үлгүрдү.

    Рысбаев Сулайман Казыбаевичти клубдун ардактуу мүчөсү кылып кабыл  алынды.Ошондой эле Р.Абдыкадыровго  арналып жазылып жаткан 6 томдук монографияга да өз салымын  кошууну айтып өттү.

    Өз убагында Р.Абдыкадыров  менен баарлашып, агайдын  ырларын сүйүп ырдап,  студенттик  күндөрүндө комуз ойноп, студенттик  турмушун  кызыктуу өткөргөнүн айтып эстеди.

    Сулайман Казыбековичтин биздин  клубка  келиши клубдун мүчөлөрүн кубандырды. Агайга каалоо тилектерди айтышты.

Р.Абдыкадыров  атындагы Эл аралык клубунун мүчөлөрү Ы.А Шаимкулов жана К.К.Орунбаев.доцент.К.М.Ураимовдор да иш чарада катышышты.

  • АЛИППЕНИН АВТОРУ ЖАМУДА КОНОКТО
  • АЛИППЕНИН АВТОРУ ЖАМУДА КОНОКТО
  • АЛИППЕНИН АВТОРУ ЖАМУДА КОНОКТО