AVN







СТУДЕНТТЕРДИН ЖЕТИШҮҮСҮН ЖАНА БИЛИМ САПАТЫН БААЛООЧУ МОДУЛЬДУК-РЕЙТИНГ СИСТЕМАСЫ БОЮНЧА СТУДЕНТТЕРГЕ МААЛЫМАТ БЕРИЛДИ

СТУДЕНТТЕРДИН ЖЕТИШҮҮСҮН ЖАНА БИЛИМ САПАТЫН БААЛООЧУ МОДУЛЬДУК-РЕЙТИНГ СИСТЕМАСЫ БОЮНЧА СТУДЕНТТЕРГЕ МААЛЫМАТ БЕРИЛДИ
 Oct 26, 2023  216

Студенттердин жетишүүсүн жана билим сапатын баалоочу модулдук-рейтинг системасынын жобосуна ЖАМУнун Окумуштуулар кенешинин 2023-жылдын 26-июнундагы № 11 -протоколу менен өзгөртүү, толуктоолор киргизилендиги боюнча кафедра башчысы б.и.к., доцент А.Д.Эгембердиева ТИББ багытынын студенттерине маалымат берди.

Мында окуу процессинин уюштурууда баалоонун модулдук-рейтинг системасын уюштурулушуна,  студенттин билим децгээлин (рейтингин) аныктоо тартибине кеңири токтолду. Модулдун жыйынтыгы менен ар бир академиялык тайпанын, курстун, адистиктин мыкты студентти, мыкты академиялык тайпасы, курсу аныкталарын белгиледи. Студенттер презентацияда берилген баалоонун модулдук-рейтинг системасы боюнча  суроолорду беришти жана берген суроолоруна жооп алышты. Баалоонун модулдук-рейтинг системасын уюштурулушунда окутуучунун жана студенттин милдети так  көрсөтүлдү. Катышуу, жетишүү ар бир сабакта бааланарын белгилеп өттү жана  студенттер баалоонун модулдук-рейтинг системасын уюштурулушу боюнча толук маалымат алышты дейт кафедранын доценти Бурулай Жолболдуевна.

  • СТУДЕНТТЕРДИН ЖЕТИШҮҮСҮН ЖАНА БИЛИМ САПАТЫН БААЛООЧУ МОДУЛЬДУК-РЕЙТИНГ СИСТЕМАСЫ БОЮНЧА СТУДЕНТТЕРГЕ МААЛЫМАТ БЕРИЛДИ
  • СТУДЕНТТЕРДИН ЖЕТИШҮҮСҮН ЖАНА БИЛИМ САПАТЫН БААЛООЧУ МОДУЛЬДУК-РЕЙТИНГ СИСТЕМАСЫ БОЮНЧА СТУДЕНТТЕРГЕ МААЛЫМАТ БЕРИЛДИ