AVN







САНДАН – САНАРИПКЕ ЧЕЙИН: ЖАҢЫ ДООРДОГУ МАТЕМАТИКАЛЫК БИЛИМ АЛУУ КОНЦЕПЦИЯСЫНЫН НЕГИЗДЕРИ

САНДАН – САНАРИПКЕ ЧЕЙИН: ЖАҢЫ ДООРДОГУ  МАТЕМАТИКАЛЫК  БИЛИМ АЛУУ КОНЦЕПЦИЯСЫНЫН  НЕГИЗДЕРИ
 Oct 26, 2023  276

17-октябрда Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде “Фундаменталдык, колдонмо изилдөөлөр жана инновациялык технологиялар” илим-изилдөө институтунун директору, профессор К.С.Алыбаевдын чакыруусу менен келген педагогика илимдеринин доктору, профессор Ш. Алиевдин  конок лекциясы болуп өттү.

Иш-чараны  “Математика жана математикалык моделдештирүү” кафедрасынын башчысы, профессор А. Джураев кириш сөз менен ачты.

Профессор Ш.Алиев сунушталып жаткан жаңы математикалык  билим алуу концепциясынын  долбоору тууралуу кенен маалымат берип, анын негизги бөлүктөрүнө токтолуп өттү: 

ЖОЖдор боюнча, Бакалавр - Магистрлерди даярдоодогу жоопкерчиликти күчөтүү зарылчылыгы турат. Мугалимдик кесипке багыттап окутууну “Кесиптик жогорку билим берүүнүн” Мамлекеттик  стандартынын жана  Предметтик  стандарттардын талаптарын аткарууга  толук жооп бере  тургандай даярдоону жолго салуусу  зарыл. Анткени, профилдик даярдоо процессинде төмөнкү талаптар коюлган, алар:  

  • биринчиден, болочок педагог–Бакалаврлардын (Магистрлердин) окуу процессин кредиттик  технологиянын  негизинде    жүргүзүү  менен, аларга  өз алдынча окуп - билим  алуу шартын түзүү (студенттерге коюлган талап); 
  • экинчиден, Бакалаврлардын (Магистрлердин)   окуу  планындагы  ар  бир  предметти окутуу алардын   болочок  кесибине  багытталган мазмундагы программа боюнча жана  ага ылайык иштелип чыккан - окутуунун жаӊы технологиясынын негизинде ишке ашырылууга тийиш (окутуучуларга  коюлган  талап) деген  негизги максаттарды көздөйт. 
  • Ошондуктан билим алуу системасын бүгүнкү эмес, эртеӊки жаштар үчүн даярдоо зарылчылыгы жаралып олтурат, ал даярдык Санарип доорунун талаптарын ишке ашырууга багытталган жана аны тез арада аткаруу керек.

Иш-чарада “Математика жана математикалык моделдештирүү” кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы жана “Математика” багыты боюнча окуп жаткан студенттер катышышты жана жаңы математикалык  билим алуу концепциясынын  долбоору негизинен колдоого алууга сунушталды.

  • САНДАН – САНАРИПКЕ ЧЕЙИН: ЖАҢЫ ДООРДОГУ  МАТЕМАТИКАЛЫК  БИЛИМ АЛУУ КОНЦЕПЦИЯСЫНЫН  НЕГИЗДЕРИ
  • САНДАН – САНАРИПКЕ ЧЕЙИН: ЖАҢЫ ДООРДОГУ  МАТЕМАТИКАЛЫК  БИЛИМ АЛУУ КОНЦЕПЦИЯСЫНЫН  НЕГИЗДЕРИ
  • САНДАН – САНАРИПКЕ ЧЕЙИН: ЖАҢЫ ДООРДОГУ  МАТЕМАТИКАЛЫК  БИЛИМ АЛУУ КОНЦЕПЦИЯСЫНЫН  НЕГИЗДЕРИ