AVN







НЕГИЗГИ БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫ, ТАНДОО КУРСТАРЫ БОЮНЧА ПИКИР АЛМАШУУ

НЕГИЗГИ БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫ, ТАНДОО КУРСТАРЫ  БОЮНЧА ПИКИР АЛМАШУУ
 Oct 25, 2023  290

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун табигый-техникалык факультетинин 550100 Табигый-илимий билим билим берүү багытынын студенттери менен негизги билим берүү программасы, окуу пландары, окуу графиктери боюнча пикир алмашуу болуп өттү. ТИББ кафедрасынын башчысы б.и.к., доцент А.Д.Эгембердиева ТИББ багытынын НББПсы боюнча кеңири маалымат берди. ТИББ багытынын келечектеги милдеттерине, негизги маселелерине токтолду. Бул негизги билим берүү программасы максаттарды, күтүлгөн натыйжаларды, билим берүү процессин ишке ашыруунун мазмунун, шарттарын жана технологияларын, бүтүрүүчүнү ушул багыт боюнча даярдоонун сапатын баалоону регламенттери боюнча маалымат берди.

Студенттер менен биргеликте НББПнын мазмуну, компетенциялар, тандоо курстарындагы дисциплиналар талкууланды. Талкуу учурунда студенттер тандоо курстары, НББПсынын мазмуну боюнча кызыктуу маектешүү болду.

  • НЕГИЗГИ БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫ, ТАНДОО КУРСТАРЫ  БОЮНЧА ПИКИР АЛМАШУУ
  • НЕГИЗГИ БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫ, ТАНДОО КУРСТАРЫ  БОЮНЧА ПИКИР АЛМАШУУ
  • НЕГИЗГИ БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫ, ТАНДОО КУРСТАРЫ  БОЮНЧА ПИКИР АЛМАШУУ