AVN







ПОЛЬША ЖУМАЛЫГЫ

ПОЛЬША ЖУМАЛЫГЫ
 Apr 11, 2018  799

    Польша Республикасынын көз карандысыздыгынын 100 жылдык юбилейине карата “Польша жумалыгы” өткөрүлүүдө.  Иш чара  9-апрелден 14-апрелге чейин Кыргызстандын бардык аймагында жүргүзүлүүдө.

    Жумалыктын алкагында  Жалал-Абад мамлекеттик университетинде  10-апрель күнү Польша мамлекетинин Кыргызстандагы ардактуу консулу        А. Златкин баштаган делегация болду.  Келген конокторду  бир катар жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана окуу жайдын кызматкерлери  салтанаттуу тосуп алышты.

   Эки күндүк иш сапардын жүрүшүндө делегация алгач университетте  уюшулган “Генерал Андерстин” көргөзмөсүнө катышып, студенттер менен жолугушту. Андан соң,  Польша мамлекетинин согуш ардагерлеринин эстелигине гүл чамбар  коюлду.  Ал эми 11-апрелде “Генерал Андерстин” элесине арналган мектептер аралык  футбол боюнча мелдешке катышып, шаардагы музейлер жана экспонаттар менен таанышышты. Мындай маалыматты ЖАМУнун социалдык иштер жана мамлекеттик тил боюнча проректору Айгул  Доранова билдирди.

  • ПОЛЬША ЖУМАЛЫГЫ
  • ПОЛЬША ЖУМАЛЫГЫ
  • ПОЛЬША ЖУМАЛЫГЫ
  • ПОЛЬША ЖУМАЛЫГЫ