AVN







ЭЛ АРАЛЫК МЕКТЕП-СЕМИНАР

ЭЛ   АРАЛЫК   МЕКТЕП-СЕМИНАР
 Oct 25, 2023  204

 Бишкек шаарында КРСУнун 30 жылдыгына жана профессор Я. В. Быковдун 110 жылдыгына арналган Эл аралык мектеп-семинар болуп өттү.Ага  Б.Осмонов  атындагы ЖАМУнун математика жана математикалык  моделдештирүү  кафедрасынын  башчысы, профессор           А. Джураев катышты.

Эл аралык семинарды ачуу аземинде КРСУнун проректору, профессор Д. Глазунов, Б.Осмонов  атындагы ЖАМУнун математика жана математикалык  моделдештирүү  кафедрасынын  башчысы, профессор           А. Джураев, ТашМЭУнун профессору Т. Юлдашевтер куттуктоо сөздөрү менен чыгышты.

Отурумдарда Кыргызстан, Казахстан жана Өзбекстандык окумуштуулардын докладдары угулду жана талкууланды.

КРСУнун 30 жылдыгына жана профессор Я. В. Быковдун 110 жылдыгына арналган Эл аралык мектеп-семинардын катышуучулары төмөндөгү резолюцияны кабыл алышты:

1. Уюштуруу тобуна жана профессор А. Керимбековго ыраазычылык билдиребиз.

2. ЖОЖдордун биринде профессор Я. В. Быковтун китепканасын уюштуруу демилгеси колдоого алынсын.

3. Жогорку курстардын студенттеринин докладдары менен катышуусу сунушталсын.