AVN







УСУЛИЯТТЫК СЕМИНАРГА УЧУР КЕЛДИ

УСУЛИЯТТЫК СЕМИНАРГА УЧУР КЕЛДИ
 Oct 25, 2023  303

Тарыхый билимдер жаатында системалык-структуралык бүтүндүктүн жана социалдык-маданий биримдиктин өнүгүүсүнө негизделген эскирген стереотиптерден арылууга аракеттер башталгандыгы маалым. Бул өңүттө теориялык-усулияттык маселерди талкуулап чечүүгө сунуштарды берүүчү усулияттык семинарларды уюштуруу зор мааниге ээ. Адатта  усулияттык семинарлардын ар кайсы ишмердүүлүктөрдүн теориялык-методогиялык өңүттөрүн талдоодо, окутуучулук жана илимий дареметтерин жогорулатууда ролу зор экендиги белгилүү. Бул багытта  Тарых кафедрасында алгач ирет  илимий  усулияттык семинар колго алынды. Иш чара т.и.к., доцент  Э.А. Авазов тарабынан даярдалган   “Тарых илиминин айрым теориялык жана усулияттык маселери (Кыргызстандын тарыхынын мисалында)” деген темада  баяндамасы талкууга алынды. Семинарга кафедранын окутуучулары жана тарых профилинин студенттери катышты. Баяндамачы тарабынан учурдагы кыргыз тарыхнмаасындагы актуалдуу маселелердин катарында төмөнкү жагдайлар:  Кыргызстандын тарыхын окутууда, окуп үйрөнүүдө жана изилдөөдө анын көптөгөн маселелерин түшүндүрүүдө мурунку таптык көз караштардан арылуу анын талаштуу жактары; Тарыхты изилдөөдө жана окутууда абстрактуулуктан арылуу маселелери; Тарыхый окуяларды изилдөөдө жана окутууда инсандаштыруудагы кемчиликтер; Кыргызстандын тарыхын окутууда дүйнөлүк тарыхнааманын принциптерине туура келтирип мезгилдештирүү, формациялык, цивилизациялык мамилелердин орду талкууга алынды. Жыйынтыгында Э.А.Авазов тарабынан тарыхты изилдөөдө жана окутууда эске алынуучу бир катар жагдайлар белгиленди жана  кыргыз тарыхнаамасы үчүн сунуштар берилди. Талкуунун жүрүшүндө сөзгө чыккан  кафедранын профессору Э.Сулайманов семинарда көтөрүлүп жаткан маселенин алгач ирет колго алынганын,  окумуштуу тарыхчылардын арасында бул маселелер жетишээрлик колго алынбай келатканын билдирүү менен мындай семинарларды уюштуруунун жана өткөрүүнүн  зарылдыгын белгилеп  өттү. Ал эми т.и.к, К.А.Халматов баяндамада каралган маселердин актуалдуулугуна жана практикалык маансине токтолду. Семинардын соңунда кафедра башчысы  т.и.к., доцент Г.А.Анарбаева  семинардын өз максатына жеткендигин, мындай иш чаралар улантылаарын белгилеп, баяндамачыга ийгиликтерди каалады. Усулияттык ушул иш чарадан улам кийинки семинарларга бир катар проблемалуу жагдайларды талкуулоо назарга алынды.

  • УСУЛИЯТТЫК СЕМИНАРГА УЧУР КЕЛДИ
  • УСУЛИЯТТЫК СЕМИНАРГА УЧУР КЕЛДИ