СОЦИАЛДЫК КЫЗМАТКЕРДИН УЧУРДАГЫ ОРДУ ЖАНА КЕЛЕЧЕГИ
Oct 24, 2023 291
Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин экономикалык-юридикалык факультетинин профессор Ш.М.Ниязалиев атындагы философия жана гуманитардык илимдер кафедрасынын “Социалдык иш” багыты боюнча окуп жаткан студенттердин кесиптик компетенцияларын калыптандыруу жана 19-октябрь Социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин күнүнө карата адистиктин бүтүрүүчүлөрү менен иш ордунда “Социалдык кызматкердин учурдагы орду жана келечеги” аталашындагы кереге кеңеш 2023-жылдын 17-октябрь күнүЖалал-Абад шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында болуп өттү. Кереге кеңештин жүрүшүндө социалдык кызматкердин коомдогу орду, аткарып жаткан кызматы, социалдык коргоо жана камсыздоодогу аткарып жаткан иштери, ошол жаатта жетишкен ийгиликтер боюнча башкармалыктын башчысы Н.А.Жакыпова жана социалдык иштердин эмгектенип жаткан бүтүрүүчүлөрү “Социалдык иш” багытынын НББП жана “Бүтүрүүчүнүн моделин” талкуулашып өз ой пикирлери жана сунуштары менен бөлүшүштү. Иш-чара куттуктоолор, “Социалдык иш” багытынын студенттери тарабынан даярдалган чакан концерттик программасы менен жыйынтыкталды.
Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин экономикалык-юридикалык факультетинин профессор Ш.М.Ниязалиев атындагы философия жана гуманитардык илимдер кафедрасынын “Социалдык иш” багыты боюнча окуп жаткан студенттердин кесиптик компетенцияларын калыптандыруу жана 19-октябрь Социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин күнүнө карата адистиктин бүтүрүүчүлөрү менен иш ордунда “Социалдык кызматкердин учурдагы орду жана келечеги” аталашындагы кереге кеңеш 2023-жылдын 17-октябрь күнү Жалал-Абад шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында болуп өттү. Кереге кеңештин жүрүшүндө социалдык кызматкердин коомдогу орду, аткарып жаткан кызматы, социалдык коргоо жана камсыздоодогу аткарып жаткан иштери, ошол жаатта жетишкен ийгиликтер боюнча башкармалыктын башчысы Н.А.Жакыпова жана социалдык иштердин эмгектенип жаткан бүтүрүүчүлөрү “Социалдык иш” багытынын НББП жана “Бүтүрүүчүнүн моделин” талкуулашып өз ой пикирлери жана сунуштары менен бөлүшүштү. Иш-чара куттуктоолор, “Социалдык иш” багытынын студенттери тарабынан даярдалган чакан концерттик программасы менен жыйынтыкталды.