AVN







“САНАРИП АЙЫМДАР” ДОЛБООРУ УЛАНУУДА

“САНАРИП АЙЫМДАР” ДОЛБООРУ УЛАНУУДА
 Oct 24, 2023  374

“Youth of Osh” коомдук бирикмеси тарабынан Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын жаштары үчүн “Санарип айымдар” долбоорунун IT жана санариптик, лидерлик жана ишкердик жөндөмдөрүн арттыруу курстарына кезектеги катышуучуларды тандоо максатында уюштуруучулар тарабынан аңгемелешүү иш-чарасы болуп өттү. Иш чаранын жүрүшүндө “Программалоо” (Front-End), “СММ”, “Графикалык дизайн”, “Сайт түзүү”, “Мобилография” курстары боюнча толук маалыматтар берилди. Жыйынтыгында Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин ИЭТ-1-21 тайпасынын студенти Малишева Акинай жана Жалал-Абад колледжинин КМТШИк-3-22 тайпасынын студенти Акматилла кызы Асел тандалып алынып, долбоордун алкагында бир айлык акысыз окуу курстары жакынкы күндөрдө башталаары белгиленди.                 Атап айтсак, “Санарип айымдар” долбоору 2022-жылдын 15-сентябрынан 2023-жылдын 15-сентябрына чейинки аралыкта ишке ашырылып, атайын толтурулган 1500дөн ашуун өтүнмөлөрдүн  ичинен ЖАМУдан 17 студентибиз тандалып алынып, долбоордун алкагында IT жана санарип жөндөмдөрүн үйрөнүү боюнча Программалоо (Front-End) курсу 6 ай, “СММ”, “Графикалык дизайн” курстары 2 ай, “Сайт түзүү” курсу 2 ай жана “Мобилография” курсу 1 жума акысыз окутулду. Азыркы учурда курсту аяктап, атайын сертификатка ээ болгон студенттер өздөрүнүн идеялары менен сынакка катышып, жыйынтыктарын күтүп жатышат жана курстун жүрүшүндө өзүнүн активдүүлүгүн, аракетчилдигин көрсөткөн келечек ээлерине долбоордун координаторлору тарабынан баалуу белектер тапшырылды – деп билдирди Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борборунун (Бизнес-инкубатор) директору Б.Н.Алымкулов.

  • “САНАРИП АЙЫМДАР” ДОЛБООРУ УЛАНУУДА
  • “САНАРИП АЙЫМДАР” ДОЛБООРУ УЛАНУУДА
  • “САНАРИП АЙЫМДАР” ДОЛБООРУ УЛАНУУДА
  • “САНАРИП АЙЫМДАР” ДОЛБООРУ УЛАНУУДА
  • “САНАРИП АЙЫМДАР” ДОЛБООРУ УЛАНУУДА