AVN







ЖАМУда АКШнын КРдагы Элчилигинин колдоосунда конференция залы ачылды

ЖАМУда АКШнын КРдагы Элчилигинин колдоосунда конференция залы ачылды
 Apr 17, 2017  1092

ЖАМУда «Америка Ордосу» ресурстук борбору Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчилиги жана Жалал-Абад Мамлекеттик Университетинин ортосунда түзүлгөн өз ара кызматташуу меморандумдун негизинде 2003-жылы Март айында ачылган.

Бул борборду АКШнын элчиги керектүү болгон бардык техникалык каражаттар жана окуу-китептери менен камсыз кылып келүүдө. Айта кетсек АКШ Элчилиги Америка Ордосуна 2008-жылдан 2017 –жылга чейин 100 000 доллардан ашык өлчөмүндө гранттык колдоо көрсөттү.

Бул борбордун негизги максаттарынын бири ЖАМУнун студенттерине жана окутуучуларына, ошондой эле Жалал-Абад шаарынын элине заманбап шартта билим алууга шарт тщзщщ жана Англис тилин үйрөнүүгө көмөк көрсөтүү. Ай сайын 3000 дөн ашык студенттер, окуучулар жана окутуучулар ресурстук борбордун окуу техникалык каражаттарын пайдаланышат.

2017-жылдын 14-апрелинде ЖАМУдагы Америка Ордосу ресурстук борборго АКШнын Элчилигинин колдоосунда жаңы заманбап жыйындар залы ачылды. Жыйындар залын ачуу иш чарасына ЖАМУнун ректору, К.Ж.Усенов, жана АКШнын Элчилигинин Коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн орун басары Тревор Олсон, октуучулар жана студенттер катышты. ЖАМУда Бул жыйындар залы Жалал-Абад Мамлекеттик Униеврситети жана АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин ортосундагы түзүлгөн гранттык келишимдин негизинде капиталдык ремонттон өткөрүлүп, жаъы техникалык каражаттар жана эмеректер орнотулду. Бул жыйындар залы 100 орунга ылйыкташкан жана интернет, WI-Fi орнотулган. Жалпы 32240 доллар сарпталды.