AVN







МАГИСТРАНТТАРГА БАГЫТ БЕРҮҮ ИШИ

МАГИСТРАНТТАРГА БАГЫТ БЕРҮҮ ИШИ
 Oct 16, 2023  127

Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин физика жана информатика кафедрасынын ФМББ багытынын информатика жана физика профилдери боюнча 2023-2024-окуу жылында магистратурага кабыл алынган магистранттары менен жолугушуу болуп өттү.  Жолугушууда магистрант ким, анын келечектеги орду тууралуу жана  магистранттарга окуу процессинин уюштурулушу, жүрүшү, учурдагы, аралык, жыйынтыктоочу баалоо, практикалардын өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири маалымат берилди. Магистранттар өздөрүн кызыктырган суроолорго жоопторду алышты.

Ошону менен бирге магистранттар үчүн Имаг-1-22 тайпасынын илимий-педагогикалык практикасынын жыйынтыктоочу конференциясына катышып, практикада талап кылынуучу ишмердүүлүктөр менен таанышуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Жолугушуунун жыйынтыгында магистранттар өтүлгөн иш чаранын алар үчүн пайдалуу болгондугун билдиришти.

  • МАГИСТРАНТТАРГА БАГЫТ БЕРҮҮ ИШИ
  • МАГИСТРАНТТАРГА БАГЫТ БЕРҮҮ ИШИ