AVN







ДОСТУКТУ БЕКЕМДЕГЕН ИШ САПАР

ДОСТУКТУ БЕКЕМДЕГЕН ИШ САПАР
 Oct 16, 2023  269

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жаштар иштери боюнча адиси Адилет Усенов баштаган делегация: Жаштар комитетинин мүчөлөрү ЖКнын төрагасынын орун басары Абдурасулов Айбек, ЖКнын катчысы Исанова Айданек жана ЖКнын сектор башчылары – Ош мамлекеттик университетинде болуп, эки окуу жайдын арасында жаштар саясатын жүргүзүү жана тажрыйба алмашуу, ынтымакты чыӊдоо биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп кайтты.

Аталган иш сапарга окуу жайдын бардык колледждеринин жана факультеттеринин жаштар иштери боюнча комитетинин төрагалары, төрайымдары менен бирге барган. Жолугушууда ОшМУнун Студенттик акыйкатчы аппараты жана студенттик кеңеши жылуу тосуп алып, мындан ары жаӊы максаттар, биргелешкен долбоорлорду турмушка ашыруу менен  уланаарын баса белгиледи.

Жыйынтыгында жакын арада эки окуу жайдын кызматташтык сапары биргелешкен жаштардын илимий, спорттук, маданий иш-чараларды уюштуруу боюнча келишимдерге эки окуу жайдын жаштар комитетинин төрагалары кол коюшту.

Иш сапардын жүрүшүндө ОшМУнун музейи, Көз карандысыз тестирлөө борбору жана башка бир катар окуу кааналары менен таанышышты. Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун делегациясынын кийинки сапары ОшМУнун Түштүк-чыгыш жана Ак Буура  КАМПУСтарында уланып, медицина факультетинин материалдык-техникалык базасы, жаӊыдан курулган китепкана, Медициналык колледжде түзүлгөн  лабораториялык комплекстер жана студенттердин окуу шарттары менен таанышышты. Келген конокторго ОшМУнун искусство факультетинин таланттары концерттик программасын тартуулашты.

  • ДОСТУКТУ БЕКЕМДЕГЕН ИШ САПАР
  • ДОСТУКТУ БЕКЕМДЕГЕН ИШ САПАР
  • ДОСТУКТУ БЕКЕМДЕГЕН ИШ САПАР
  • ДОСТУКТУ БЕКЕМДЕГЕН ИШ САПАР
  • ДОСТУКТУ БЕКЕМДЕГЕН ИШ САПАР
  • ДОСТУКТУ БЕКЕМДЕГЕН ИШ САПАР
  • ДОСТУКТУ БЕКЕМДЕГЕН ИШ САПАР