AVN







МАГИСТРАНТТАРДЫН ИЛИМИЙ-ПЕДАГОГИКАЛЫК ПРАКТИКАСЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

МАГИСТРАНТТАРДЫН ИЛИМИЙ-ПЕДАГОГИКАЛЫК ПРАКТИКАСЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
 Oct 16, 2023  413

ЖАМУнун Э.Уметов атындагы физика жана информатика кафедрасынын ФМББ багытынын Информатика профилинин Имаг-1-22 тайпасынын магистранттарынын 2023-жылдын 4-сентябрынан 30-сентябрына чейин болуп өткөн илимий-педагогикалык практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү. Конференцияга Имаг-1-22 тайпасынын магистранттары, ФММБ багытынын информатика жана физика профили боюнча 2023-2024-окуу жылында кабыл алынган 1-курстун магистранттары, ЖАМУнун карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн жетекчиси филол.и.к., доцент З.С.Калыбекова, бөлүмдүн жетектөөчү адиси Н.С.Жолдошалиева, практика жетекчилери т.и.к., доцент Н.Т.Осмонова, т.и.к., доцент Г.Т.Маматова, п.и.к., доцент Э. Молдокеримова,  физика жана информатика кафедрасынын кафедра башчысы, п.и.к., доцент Р.С.Нусупова, кафедранын практика боюнча жооптуу кызматкери, улук окутуучу Р.Торогулова  катышты.

Магистранттар практика учурунда илимий темаларынын эксперименттик бөлүгүнүн үстүндө изилдөөлөрүн жүргүзүшкөн жана илимий темаларынын алкагында макалаларды даярдап келишкен. Конференцияда ар бир магистрант практика учурунда аткарган иштери боюнча презентацияларды жасашып, талкуулар болду. Илимий-педагогикалык практиканын жыйынтыгы чыгарылып, магистранттардын жетишкен ийгиликтери белгиленип, кетирилген кемчиликтери боюнча сунуштар берилди. Сапарбек кызы Аймончоктун “Графикалык функцияларды окутуу үчүн мобилдик тиркеме иштеп чыгуу” аталышындагы магистердик диссертациясынын алкагында сунушталып жаткан тиркемеси кызыгуу жаратып, анын мүмкүнчүлүктөрү окуучулардын окутуу процессине болгон активдүүлүгүн жогорулатууга көмөк бере тургандыгы белгиленип, бул тиркемени толук иштеп чыккандан кийин, патенттеп коюу сунуштары берилди.  Ошондой эле Тойчуева Бурулайдын “Окуу пррцессинде математика жана информатика предметтери аралык байланыш”, Асылбек кызы Рахаттын “Интернет технологияларды окутуунун мультимедиялык системасын иштеп чыгуу”, Абазова Элнуранын “Информатика сабагында окуучулардын өз алдынча иштерин уюштуруунун өзгөчөлүктөрү” аталышындагы магистердик диссертацияларынын алкагындагы илимий изилдөөлөрүнүн практика учурунда алган жыйынтыктары да катышуучулардын талкуусун жаратты.

Бул конференцияда магистратурага жаны кабыл алынган магистранттар практиканын отчетун даярдоо, конференцияда докладды жасоо, изилдөө ишин жүргүзүү боюнча жана алдыда турган магистратурадагы ишмердүүлүктөрүнө багыт алышты.

ЖАМУнун карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан магистранттардын илимий-педагогикалык практикасынын жогорку денгээлде өткөрүп келгендиги белгиленди.

  • МАГИСТРАНТТАРДЫН ИЛИМИЙ-ПЕДАГОГИКАЛЫК ПРАКТИКАСЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
  • МАГИСТРАНТТАРДЫН ИЛИМИЙ-ПЕДАГОГИКАЛЫК ПРАКТИКАСЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
  • МАГИСТРАНТТАРДЫН ИЛИМИЙ-ПЕДАГОГИКАЛЫК ПРАКТИКАСЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
  • МАГИСТРАНТТАРДЫН ИЛИМИЙ-ПЕДАГОГИКАЛЫК ПРАКТИКАСЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
  • МАГИСТРАНТТАРДЫН ИЛИМИЙ-ПЕДАГОГИКАЛЫК ПРАКТИКАСЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
  • МАГИСТРАНТТАРДЫН ИЛИМИЙ-ПЕДАГОГИКАЛЫК ПРАКТИКАСЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ