AVN







“JASU star s” чемпион

“JASU star s” чемпион
 Apr 10, 2018  1072

Жалал-Абаддагы  “Тамашоу”  лигасынын бешинчи сезонунун жарым финалдык оюну  Барпы драм театрында 3-апрелде болду.

    Аталган оюнга Жалал-Абад мамлекеттик университетинин атынан “JASU star s” тамашоу курама командасы катышып, жеңүүчү аталды. Оюнга түштүк аймагынан тамашоу командалары жана Жалал-Абад шаарындагы жогорку жана атайын кесиптик окуу жайларынын командалары  катышкан.

Белгилей кетсек  ЖАМУнун факультеттер арасында өткөрүлгөн тамашоу оюндарында мыкты оюн көргөзгөн оюнчулар тандалып,  “JASU star s” тамашоу курама командасы  түзүлгөн. Буга чейин окуу жайлар арасында өткөрүлгөн оюндарга катышып, бир катар ийгиликтерге жетишишкен.