AVN







БОЛОЧОК КРИМИНАЛИСТТЕР

БОЛОЧОК КРИМИНАЛИСТТЕР
 Oct 12, 2023  228

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин экономика-юридикалык факультетинин юриспруденция багытынын Юк 1-20 тайпасынын студенттерин криминалистика сабагынын окутуучусу Талайбек  Сусунбаев практикалык саатын Жалал-Абад областынын ички иштер башкармасынын криминалистика кызматында өткөрүүнү уюштуруп берди.

Практикалык сааттын өткөрүүнүн негизги максаты, Юк 1-20 тайпасынын студенттери криминалистика кызматынын кызматкерлеринин аткарган жумуштары менен кеңири тааныштуруу, студенттерди келечекте бир кесиптин ээси болуусуна түрткү берүү болуп саналат.

Студенттерге Жалал-Абад областынын ички иштер башкармасынын Криминалистика кызматынын башчысы милициянын майору Саматов Нургазы жана ушул эле кызматтын кызматкери милициянын ага лейтенанты Адиев Акмат, ички иштер органында криминалистика кызматы негизги кызматтардын бири болоорун жана окуя болгон жерге кароо жүргүзүү учурунда ошондой эле алынган далил буюдарга соттук криминалистикалык экспертизаларды чыгаруу учурунда  кандай иш чараларды өткөрө тургандыгына кенири түшүндүрмө берип өттү.

Юк 1-20 тайпасынын студенттери Криминалистика сабагынын практикалык саатын аябай кызыгуу менен өткөрүшүп, акырында өздөрүнө керектүү болгон суроо жооп менен аякташты.

  • БОЛОЧОК КРИМИНАЛИСТТЕР
  • БОЛОЧОК КРИМИНАЛИСТТЕР
  • БОЛОЧОК КРИМИНАЛИСТТЕР
  • БОЛОЧОК КРИМИНАЛИСТТЕР
  • БОЛОЧОК КРИМИНАЛИСТТЕР
  • БОЛОЧОК КРИМИНАЛИСТТЕР
  • БОЛОЧОК КРИМИНАЛИСТТЕР
  • БОЛОЧОК КРИМИНАЛИСТТЕР
  • БОЛОЧОК КРИМИНАЛИСТТЕР
  • БОЛОЧОК КРИМИНАЛИСТТЕР
  • БОЛОЧОК КРИМИНАЛИСТТЕР