AVN







АЙЛЫК АКЫНЫ ЖОГОРУЛАТУУНУН ЖОЛДОРУ АЙТЫЛДЫ

АЙЛЫК АКЫНЫ ЖОГОРУЛАТУУНУН ЖОЛДОРУ АЙТЫЛДЫ
 Apr 10, 2018  908

ЖАМУнун Экономика жана юридикалык факультетинде кафедралар аралык «ДЕБАТ»  оюну 5-апрель күнү болуп өттү. Дебатты Жаштар комитетинин алдындагы “Брут” дебат клубу уюштурган.

Ага жалпы 3 кафедранын атынан 3 команда катышты. Оюн “Салыктарды көтөрүү менен орточо айлык акыны жогорулатууга болот” деген теманын алкагында болду.   Анын жыйынтыгында 1-орун- “Бухгалтердик эсеп”  кафедрасы; 2-орун “Юриспруденция” кафедрасы; 3-орунду “Финансы – кредит” кафедрасы ээлешти. "Мыкты дебатчы номинациясы" менен Бэк-1-16 тайпасынын студенти Союзбекова Айпери сыйланды.  Оюндун жыйынтыгында ар бир командадан мыкты оюнчулар тандалып алынып, алар аталган факультеттин атынан финалдык оюнга жолдомо алышты деп билдирди  иш чаранын уюштуруучусу  И. Зиябидинов.

  • АЙЛЫК АКЫНЫ ЖОГОРУЛАТУУНУН ЖОЛДОРУ АЙТЫЛДЫ
  • АЙЛЫК АКЫНЫ ЖОГОРУЛАТУУНУН ЖОЛДОРУ АЙТЫЛДЫ
  • АЙЛЫК АКЫНЫ ЖОГОРУЛАТУУНУН ЖОЛДОРУ АЙТЫЛДЫ
  • АЙЛЫК АКЫНЫ ЖОГОРУЛАТУУНУН ЖОЛДОРУ АЙТЫЛДЫ
  • АЙЛЫК АКЫНЫ ЖОГОРУЛАТУУНУН ЖОЛДОРУ АЙТЫЛДЫ