AVN







ЖАМУДА КЕСИПТИК МАЙРАМ БЕЛГИЛЕНДИ

ЖАМУДА КЕСИПТИК МАЙРАМ БЕЛГИЛЕНДИ
 Oct 6, 2023  333

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин чоң жыйындар залында 5-октябрь мугалимдердин кесиптик майрамы белгиленди.

Иш чарада окуу жайдын ректору, техника илимдеринин доктору, профессор Усенов Кеңешбек Жумабекович куттуктоо сөзүн сүйлөп, университеттин коомдук жана социалдык иштерине активдүү катышып, кесипкөйлүгүн көрсөткөн мыкты кызматкерлерге ЖАМУнун Ардак грамотасын ыйгарды.

       Бүгүнкү кесиптик майрамыныздар менен өзүмдүн жана ректораттын атынан куттуктайм. Сиздердин талыкпаган эмгегиниздердин, биримдигиниздердин, кесипкөйлүгүңүздөрдүн  натыйжасы менен окуу жайыбыз өнүгүүдө. “Бир мамлекетти талкалагың келсе ал өлкөнүн билим сапатын төмөндөт, жок кыл деген сөз айтылып келет. Андыктан өлкөбүздүн, коомубуздун өнүгүүсү үчүн билимдүү жаштарды тарбиялап, күчтүү, билимдүү жана өнүккөн мамлекет түзүү билим берүү тармагынын кызматкерлеринин колунда. Түйшүктүү, жоопкерчиликтүү, сыймыктуу кесипти тандап, эмгектенип жатканыныздардын өзү  чоң сыйга татыйт. Сиздерге ден соолук, иштериниздерге ийгилик жана көп-көп жетишкендиктерди каалайм”!

     Ошондой эле ЖАМУда жаштарга билим берүү менен чектелбестен илимге да көңүл бурулуп келет. Кызматкерлер мындан ары да жаштарга терең билим берип, илимдүү жаштар, кызматкерлер көбөйсүн деген тилек менен илимдин кандидаттарынын, докторлордун айлык акылары көбөйгөнүн кошумчалады ректор.

    Майрамдык иш чара концерттик программа менен коштолуп, университеттин талантту студенттери, окутуучулары тарабынан ыр-бийлер аткарылды.

  • ЖАМУДА КЕСИПТИК МАЙРАМ БЕЛГИЛЕНДИ
  • ЖАМУДА КЕСИПТИК МАЙРАМ БЕЛГИЛЕНДИ
  • ЖАМУДА КЕСИПТИК МАЙРАМ БЕЛГИЛЕНДИ
  • ЖАМУДА КЕСИПТИК МАЙРАМ БЕЛГИЛЕНДИ