AVN







КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК СИҢИРГЕН ЭКОНОМИСТИ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК СИҢИРГЕН ЭКОНОМИСТИ
 Oct 4, 2023  235

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин экономикалык-юридикалык факультетинин экономика, эсеп жана каржы кафедрасынын профессордун м.а., э.и.д. Садыралиев Жандаралыга “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти” ардактуу наам ыйгарылды. Жандаралы Садыралиев көп жылдан бери экономика тармагында жана билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенип келе жатат. Кыргыз Республикасынын экономикасына, экономика багытында окуган студенттерге билим берүүдөгү жана илимге кошкон салымы бааланып, мамлекет тарабынан сыйланды.

Сыйлыгыңыз кут болсун, сизге чың ден-соолук, иштериңизге чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз –дешти кафедранын эмгек жамааты. 

  • КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК СИҢИРГЕН ЭКОНОМИСТИ