AVN







“НУСКАЛУУ КАРЫЯ БОЛБОЙ, ЫЙМАНДУУ ЖАШ БОЛБОЙТ”

“НУСКАЛУУ КАРЫЯ БОЛБОЙ, ЫЙМАНДУУ ЖАШ БОЛБОЙТ”
 Oct 3, 2023  300

1-октябрь эл аралык карылар  күнү деп 1990-жылы БУУнун Баш катчылыгы расмий майрамдардын катарына киргизген, бүгүнкү күнгө чейин бүткүл дүйнө белгилеп келет. №358-б “Улгайган адамдардын Эл аралык күнүн белгилөө жөнүндөгү” буйруктун алкагында “Нускалуу карыя болбой, ыймандуу жаш болбойт” деген ураан менен 2023-жылдын 29-сентябрында Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун профессор Ш.М.Ниязалиев атындагы философия жана гуманитардык илимдер кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы жана «Социалдык иш» адистигинин студенттеринин демилгеси аркылуу 1-октябрь Эл аралык карылар күнүнө карата Жалал-Абад шаардык эмгек жана социалдык камсыздоо башкармалыгында каттоодо турган жалгыз бой жашаган карыларга моралдык жана материалдык азык-түлүк жардамдар көрсөтүлдү.

Карылар күнүн белгилөөнүн максаты – дүйнө коомчулугун улгайган адамдардын көйгөйлөрүнө көңүл бурдуруу менен бирге жаш муунду улгайган адамдарга өзгөчө урмат-сый көрсөтүү, аларга бактылуу карылык тартуулоо керектигин үйрөтүү болуп эсептелет.

Жыйынтыгында карыялар, улгайган муун коомчулукта маанилүү топ жана убагы келгенде кийинки муунга алмашарын түшүндүрүү аркылуу аларга колдоо көрсөтүүнүн маанилүүлүгү тууралуу маалымат берүү менен жыйынтыкталды.

  • “НУСКАЛУУ КАРЫЯ БОЛБОЙ, ЫЙМАНДУУ ЖАШ БОЛБОЙТ”
  • “НУСКАЛУУ КАРЫЯ БОЛБОЙ, ЫЙМАНДУУ ЖАШ БОЛБОЙТ”