AVN







“ТАЗА УНИВЕРСИТЕТИМ”

“ТАЗА УНИВЕРСИТЕТИМ”
 Apr 10, 2018  821

“Таза жашоо – таза коом” ураанынын алдында ЖАМУда ар бир факультетте жума сайын тазалык акциясы өтүүдө. Бул тууралуу Жаштар комитетинин төрагасы А. Усенов билдирди.

   Окуу жайдын факультеттер жана колледждеринде эстафеталык негизде жума сайын тазалык акциясы жана “Таза университетим” аталышындагы флешмоб уюшулуп келүүдө.  Акция учурунда университеттин аймагына тиешелүү териториялар тазаланат. Биз жаштар мамлекеттин экономикасына салым кошо албасак дагы, анын социалдык абалына жана тазалыгына көмөктөшүү биздин салымыбыз болуп эсептелет деген ойду билдиришет акциянын катышуучулары.

    Бул жолку эстафета “Филология” факультетине өтүп, аталган факультеттин  студенттери менен Жаштар комитети биргеликте флешмоб өткөрдү.

  • “ТАЗА УНИВЕРСИТЕТИМ”
  • “ТАЗА УНИВЕРСИТЕТИМ”
  • “ТАЗА УНИВЕРСИТЕТИМ”
  • “ТАЗА УНИВЕРСИТЕТИМ”
  • “ТАЗА УНИВЕРСИТЕТИМ”