Б.Осмонов атындагы экономика-юридикалык колледжинин жалпы билим берүү ПЦКсында кыргыз тили майрамынын 34 жылдыгына карата биринчи курстун студенттеринин катышуусу менен "Тилим менен улутмун, дилим менен улукмун" деген темада сүрөт көргөзмөсү жана концерттик иш чара уюштурулду. Иш чаранын жүрүшүндө студенттер өздөрүнүн таланттарын көргөзүп, кыргыз тилин даңазалаган ырлар менен майрамдын көркүн ачышып, ар бир тайпа тарткан сүрөттөрүнүн маанисин айтып беришти. Мыкты тартылган сүрөттөргө дипломдор жана кызыктыруучу белектер ыйгарылды.Иш чарага колледждин окутуучулар жамааты да активдүү катышып, ыр саптарды көркөм окуп студенттерге кыргыз тилин сүйүүгө жана сүйлөөгө чакырышты.