AVN







ТИЛИМ БАР – ДИЛИМ БАР

ТИЛИМ БАР – ДИЛИМ БАР
 Oct 3, 2023  213

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 34 жылдыгына карата Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун мамлекеттик тил бөлүмү тарабынан уюштурулган бир айлык иш-чаранын жана Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 100 жылдык  маарекесине карата «Жүз жылдыкка – жүз иш чара” долбоорунун алкагында табигый-техникалык факультетинин 1-курсунун студенттерине кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын улук окутуучусу Г.Т.Каленбекованын жетекчилиги менен  уюштурулган  “Тилим бар – дилим бар” аттуу кече болуп өттү.  Кеченин жүрүшүндө студенттер көркөм окуу, обондуу ырларды, турмуштагы көрүнүштөрдү аткарышып, көпчүлүктүн көңүлүндө калышты. Айрыкча, Г-1-23 тайпасынын студенти М.Алимжанова аткаруусундагы көркөм окуусу көрүүчүлөрдү кайдыгер калтырган жок. Б-1-23 тайпасынын аткаруусундагы   турмуштан алган көрүнүштөрү кыргыз тилин байытууга, кыргызча жашылча-жемиштердин, жаныбарлардын аталыштарын жайылтууга көмөк боло алат. Ошондой эле Айдаралиева Татынайдын обондуу аткаруусун жана башка бардык эле аткарууларды  көрүүчүлөр жылуу кабыл алышты. Табигый-техникалык факультетиин студенттери улуттук тамактардын көргөзмөсү да уюштурушуп,  келген конокторго даамдардан ооз тийгизишти.  Кеченин жүрүшүндө китепканан кызматкерлери да Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун профессордук-окутуучулук курамдын кыргыз тилиндеги эмгектеринин көргөзмөсүн уюштурушту. Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун мамлекеттик тил бөлүмүнүн жетектөөчү адиси филология илимдеринин доктору К.Калчакеев келип катышып, жылуу пикирлерин билдирди. Иш-чарага катышкан конокторубуз да жылуу маанайда пикирлерин айтышты.

  • ТИЛИМ БАР – ДИЛИМ БАР
  • ТИЛИМ БАР – ДИЛИМ БАР
  • ТИЛИМ БАР – ДИЛИМ БАР
  • ТИЛИМ БАР – ДИЛИМ БАР