AVN







КЫЗДАРДАГЫ ЛИДЕРЛИК САПАТТЫ ӨНҮКТҮРҮҮ

КЫЗДАРДАГЫ ЛИДЕРЛИК САПАТТЫ ӨНҮКТҮРҮҮ
 Oct 2, 2023  220

 Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин экономика-юридикалык колледжиндеги студенттерге Жалал-Абад областтык  “Каниет” реабилитациялык борборунунан келген жетекчи Аттокурова Гульмайрам жана психолог Ташматова Назгуль “Кыздардагы лидерлик сапатты өнүктүрүү” деген темада тренинг өттү.

 Алгач тренингдин максаттары жөнүндө колледждин директору А.Б.Карбекова айтып өттү.  Тренинг учурунда  үй-бүлөлүк зордук зомбулук боюнча, Сексуалдык зордук зомбулук боюнча,гендердик жана үй-бүлөлүк басмырлоо боюнча кенен пикир алмашуу болду. Студенттер өз ойлорун эркин айтышып келген коноктор менен пикир алмашып,өздөрүнө керектүү маалымат ала алышты.Ошондой эле шаар ичинде болуп жаткан жаштар арасындагы анын ичинде бойго жетелек кыздардын көйгөйлөрү боюнча да сөз болуп келген коноктор  шаар ичинде болуп жаткан жаштар арасындагы көйгөйлөрдү фактылар менен далилдешти.

      Алгач студенттер менен пикир алышып,студенттерди аудиторияга даярдап алаган соң бүгүнкү күндүн темасы болгон “Кыздардагы лидерлик саппаты өнүктүрүү” боюнча таркатма материалдар берилип,студенттер үчүн маалыматтар айтылды.Лидерлик, кыздардын  лидерлиги, лидерликтин формалары, лидерликтин өнүгүү факторлору, лидер болуу үчүн мотивация, лидер аялдын же лидер эркектин коомдогу орду, ж,б лидерликтин биздин коомдогу оң жана терс жактары боюнча,анын ичинен биздин менталитеттеги лидер аялдын орду жана лидер аялга коомдун көз карашы жаан башка лидерлик боюнча кызуу талкуу болду.  Студенттер бул талкууда билбегенини үйрөнүп угушту,билгенин башкалар менен бөлүшүштү .Тренингдин аягында таркатма материалдар боюнча да пикир алмашышып көптөгөн маалыматтарга ээ болушту Ошондой эле келген коноктор студенттерге резюме жөнүндө түшүнүк берип,резюме жазууну .үйрөтүштү.

         Тренингди  жыйынтыктап жатып “Каниет” реабилитациялык борборунунан келген адис  Аттокурова Гульмайрам студенттерге болгон ыраазычылыгын билдиришти. Тренигди уюштуруучулар өндүруштүк практика жана  карьера жетекчиси  Н.Айылчиева жана  окутуучулар Г.Самудинова жана Г.Бекиева.

  • КЫЗДАРДАГЫ ЛИДЕРЛИК САПАТТЫ ӨНҮКТҮРҮҮ
  • КЫЗДАРДАГЫ ЛИДЕРЛИК САПАТТЫ ӨНҮКТҮРҮҮ