AVN







Экономика-юридикалык колледжинде ачык сабактар өтүлүүдө

Экономика-юридикалык колледжинде ачык сабактар өтүлүүдө
 Oct 2, 2023  136

Б.Осмонов атындагы экономика-юридикалык колледжинде ачык сабактар өтүлүүдө . Колледждин окутуучусу  М. Разаков дене-тарбия предметинен  “тогуз коргоол оюну” деген темада СРк-2-23 тайпасына ачык сабак өттү. Сабакта  тогуз коргоол  оюнунун кыскача тарыхын, Тогуз коргоол оюнунун такталарын, расмий эрежесин, туз алуу ыкмасын колдонууну үйрөтүп, студенттер жана ачык сабактын катышуучулары эки тараптуу оюн ойношту.

Сабактын жыйынтыгын чыгаруу үчүн, сабактын темасына байланыштуу тест таркатылды. Тесттин жыйынтыгында, ачык сабакка катышкан  студенттер жана окутуучулар  90% катышуучулар “5” жана 10% катышуучулар “4” деген баага ээ болушту.

Ошондой эле УТк-4-23 тайпасына колледждин окутуучусу Карим кызы Лунара орус тили сабагынан ачык сабак өттү. Сабакта студенттер жупта, топто көнүгүүлөрдү аткарышты. Окутуучу сабагында интерактивдүү усул, студенттерге мотивация берүүчү техникаларды колдонуу менен  кызыктуу сабакты өтүп, сабактын аягында студенттерди баалады. Жогоруда өтүлгөн ачык сабактар колледжге келген жаш окутуучулар үчүн усулдук жардам берди.

  • Экономика-юридикалык колледжинде ачык сабактар өтүлүүдө
  • Экономика-юридикалык колледжинде ачык сабактар өтүлүүдө
  • Экономика-юридикалык колледжинде ачык сабактар өтүлүүдө
  • Экономика-юридикалык колледжинде ачык сабактар өтүлүүдө