AVN

КЫЗЫГУУЛАР, КААЛООЛОР, ТАЖРЫЙБА ЖАНА АТААНДАШТЫКТАГЫ АРТЫКЧЫЛЫК БИРИККЕНДЕ – БИЗНЕС МҮМКҮНЧҮЛҮК ПАЙДА БОЛОТ

КЫЗЫГУУЛАР, КААЛООЛОР, ТАЖРЫЙБА ЖАНА АТААНДАШТЫКТАГЫ АРТЫКЧЫЛЫК БИРИККЕНДЕ – БИЗНЕС МҮМКҮНЧҮЛҮК ПАЙДА БОЛОТ
 Oct 2, 2023  350

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенттери Жалал-Абад шаарында жайгашкан “Good Night” конок үйүндө бизнес менен таанышуу экскурсиясында болушту. Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борборунун алдына койгон негизги максаттарынын бири студенттерди бизнес жасоого үйрөтүү жана аларга колдоо көрсөтүү, жаштар арасында жаратман жана инновациялык мүмкүнчүлүктөрдү ишке ашыруу. Өндүрүштүк ишканалар, ишкердик ишмердүүлүк жүргүзүп, киреше таап калган жеке ишкерлер менен жеринде таанышуу түзүлгөн жылдык иш планга ылайык айына бир жолу уюштурулуп турат. Бүгүнкү “Good Night” конок үйүнүн негиздөөчүлөрү Алимбек кызы Жийдегүл жана жолдошу Качкынбаев Кубанычбек менен жолугушуу иш чарасынын жүрүшүндө үй ээлери жаштарга өз тажрыйбасы менен бөлүшүштү.                            

 Алимбек кызы Жийдегүл 2016-жылы ЖАМУнун филология факультетинин лингвистика адистигин аяктап, бир канча мекеме-иш каналарда иштеген. Андан соң туризм багытына кызыгуусу артып, үй-бүлөөсү менен бул багытта ишкердик жүргүзүүнү колго алуу максатында алгач, 2019-жылы эки орундуу конок үйүнөн баштап, учурда заманбап үлгүдөгү, бир эле учурда 30 адамды кабыл ала турган “Good Night” отелин ишке киргизүүгө жетишишкен. Кошумча айта турган нерсе аш кана, балдар аянтчасы жана 30 кишилик конференция залы да кызмат көрсөтөт.    Жийдегүл эжеке өз сөзүндө, ишкердик менен алектенчү инсан ар тараптуу кесипкөй, өзүнө талапты каттуу койгон жана билимдүү, тынымсыз изденүүдө болуусу абзел – деп белгиледи.                                                               

Жолугушууда студенттердин берген суроолоруна жооп берип, көбүрөөк китеп окууга, чет тилдерин үйрөнүүгө, мекенди сүйүүгө жана тынымсыз билим алып, өлкөбүздүн экономикалык өнүгүүсүнө көмөктөшүү ар бирибиздин атуулдук милдетибиз экендигин айтып, биздин максатыбыз: конок үйүн ачып, киреше табуу менен гана чектелүү эмес, Жалал-Абад шаарына чет өлкөдөн жана аймактардан келген конокторго элибиздин бай маданиятын, кылымдарды карыткан тарыхын, каада салтын, эң негизгиси кыргыздын чыныгы салттуу меймандостугун көрсөтүү аркылуу Кыргызстанда анын ичинде Жалал-Абад жергесинде туризмдин өнүгүүсүнө өзүбүздүн салымыбызды кошуу деп баса белгилеп өттү Кубанычбек Качкынбаев. Иш чаранын соңунда “Good Night” отелинин ээлерине Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ыраазычылык каты жана китеби тапшырылды. Бул тууралуу ЖАМУнун Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борборунун директору Б.Н.Алымкулов билдирди.     

  • КЫЗЫГУУЛАР, КААЛООЛОР, ТАЖРЫЙБА ЖАНА АТААНДАШТЫКТАГЫ АРТЫКЧЫЛЫК БИРИККЕНДЕ – БИЗНЕС МҮМКҮНЧҮЛҮК ПАЙДА БОЛОТ