AVN







ЖАМУ IPCHAIN АССОЦИАЦИЯСЫНЫН КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ӨКҮЛЧҮЛҮГҮ МЕНЕН КЕЛИШИМ ТҮЗДҮ

ЖАМУ IPCHAIN АССОЦИАЦИЯСЫНЫН КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ӨКҮЛЧҮЛҮГҮ МЕНЕН КЕЛИШИМ ТҮЗДҮ
 Sep 29, 2023  362

ЖАМУнун ректору Усенов Кенешбек Жумабекович “Интеллектуалдык менчик укуктары жана объектилери менен транзакцияларды кайра иштетүү боюнча улуттук координациялык борбор” ассоциациясынын (IPChain ассоциациясы) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Ырыскүл Турсуналиева, директордун кеңешчиси Жыпара Сыдыкова жана техникалык коштоо боюнча Виктор Буняк баштаган өкүлдөр менен жолугушту. Жолугушууда эки тараптуу кызматташуу келишимине кол коюлду.

Келишимдин максаты интеллектуалдык ишмердүүлүктүн натыйжаларын жана жекелештирүү жана аларга болгон укуктарды коргоо каражаттарын пайда кылуу, укуктук коргоо, тескөө, пайдалануу фактыларынын жазууларын камтыган бөлүштүрүлгөн реестрди түзүү жана пайдалануу саналат.

IPChain санариптик инфраструктурасы өлкөнүн интеллектуалдык капиталын, илимпоздордун, маданияттын, искусствонун жана заманбап технологиялардын чыгармачылыгынын натыйжаларын коргоо жана аны экономикалык жүгүртүүгө тартуу үчүн сапаттык жаңы шарттарды түзөт.

  • ЖАМУ IPCHAIN АССОЦИАЦИЯСЫНЫН КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ӨКҮЛЧҮЛҮГҮ МЕНЕН КЕЛИШИМ ТҮЗДҮ
  • ЖАМУ IPCHAIN АССОЦИАЦИЯСЫНЫН КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ӨКҮЛЧҮЛҮГҮ МЕНЕН КЕЛИШИМ ТҮЗДҮ