AVN







СТУДЕНТТЕР ОКУУ ТААНЫШУУ ПРАКТИКАСЫНА ЧЫГЫШТЫ

СТУДЕНТТЕР ОКУУ ТААНЫШУУ ПРАКТИКАСЫНА ЧЫГЫШТЫ
 Apr 10, 2018  1015

Жалал-Абад колледжинин “Техникалык жана маалыматтарды иштетүү” бөлүмүнүн “Маалыматтарды иштетүүнүн автоматташтырылган системалары жана башкаруу” адистигинин 2-курсунун БАСк-2-16, БАСк-3-16, БАСк-01-17, БАСк-02-17 тайпасынын студенттери менен окуу таанышуу практикасына жөнөтүү боюнча конференция 12-апрелде болуп өттү.

Конференцияга ЖАКтын практика жетекчиси “Техникалык жана маалыматтарды иштетүү” бөлүмүнүн бөлүм башчысы Нарымбетов Т.К. Мамбетова Мира  бөлүмдүн практика жетекчиси Эмилова Гулнара, секция башчысы Маманова Бусадат жана адис окутуучулар катышты.

Практика жетекчилери Сатимбаева Арзыкан, Кыдыров Бектур окуу практикасынын максаттары, милдеттери менен таанышытырып өтүштү. Ошондой эле жолдо жүрүүнүн эрежелери жана техника коопсуздуктары менен тааныштырышты. Ал эми практикага төрт тайпадан биригип 60ка жакын студент чыгууда. Алар “Кыргызтелеком”, IMEX окуу борбору, Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы жана Кырзгыз почта ишканаларында практикаларын өтөө үчүн бөлүндү – дейт окутуучу М. Мамбетова.