AVN







КӨП ТИЛ ҮЙРӨНҮҮ- УЧУРДУН ТАЛАБЫ

КӨП ТИЛ ҮЙРӨНҮҮ- УЧУРДУН ТАЛАБЫ
 Sep 28, 2023  287

Социалдык интеграциялоо борборунун кызматкерлери В.Дейчман, В.Булатова, РИППКнын кызматкери Г.Артыкбаева тарабынан педагогика адистигинде окуган студенттер, педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасынын окутуучулары менен биргеликте семинар тренинг уюштурулду.

Семинарда көп тилди үйрөнүүнүн жана колдонуунун тажрыйбалары, жүргүзүлүп жаткан жумуштар боюнча маалымат берилди. Көп тилдүү программа боюнча Жалал-Абад шаарындагы мектептер боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндө сөз болду. Көп тилдүүлук боюнча ЖОЖдордогу негизги билим берүү прогрмаммаларындагы (НБПП) орду жана ролу да баса көрсөтүлдү. Көп тилди үйрөнүүгө карата ушул борбордун кызматкерлери тарабынан түзүлгөн окуу китептери, окуу-методикалык колдонмолору жөнүндө презентация жасашты.  Бул проблемага карата студенттер жана окутуучулар тарабынан суроо-жооптор берилди, толукталды. Бул программаны ЖОЖдордо колдонууну жайылтуу сунуштары айтылды

  • КӨП ТИЛ ҮЙРӨНҮҮ- УЧУРДУН ТАЛАБЫ
  • КӨП ТИЛ ҮЙРӨНҮҮ- УЧУРДУН ТАЛАБЫ
  • КӨП ТИЛ ҮЙРӨНҮҮ- УЧУРДУН ТАЛАБЫ